Суббота, 4 мая

В.Шевченко качан, ким менен беттешери белгилүү болду

0

«UFC 251» турнири 6-июнда Австралиянын Перт шаарында болот. Бул тууралуу UFC уюмунан билдиришти.

Аталган турнирде кыргызстандык Валентина Шевченко UFC уюмунун жеңил салмактагылар арасындагы чемпиондук курун төртүнчү жолу коргойт. Ал шотландиялык Жоанн Калдервуд менен беттешет.

Калдервуд акыркы жолку беттешинде америкалык Андреа Лини утуп, ага чейин Кэйтлин Чукагяндан жеңилип калган. Ал эми Шевченко «UFC 247» турниринде америкалык Кэтлин Чукагян менен беттешип, 3 раунддун жыйынтыгы менен жеңишке жеткен. Бул турнирдин жыйынтыгы менен Техастын лицензиялоо жана жөнгө салуу департаменти Шевченкону медициналык себептерге байланыштуу беттештерден убактылуу четтеткен.

Спортсмен 2018-жылдын декабрь айында чемпиондук курга ээ болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз