Четверг, 25 апреля

Аскаровдун акталышына кимдер кызыкдар?

0

Жогорку сот Азимжан Аскаровдун ишин кароону 6-апрелде улантмай болду. Буга бүгүн, 25-февралдагы сот отурумунда прокурорлор кассациялык арызга кошумча жүйөлөр киргизилгендиктен, иш менен таанышууга убакыт сурап, өтүнүч келтиргени себеп болду.

2010-жылдагы июнь окуяларына байланыштуу айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровго байланыштуу сот иштери бүгүн да аягына чыга элек.

Жалал-Абад облусунда иш алпарган укук коргоочу, журналист Азимжан Аскаров 2010-жылы июнь окуясында «улут аралык кастыкты козуткан, калайман башаламандык уюштурган жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан» деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган. Өлкөдөгү укук коргоочулар жана бир нече эл аралык уюмдар Аскаровго тагылган айыпка макул болбой, анын бейкүнөө абакта отурганын билдирип келишет. Себеби, Аскаров укук коргоочу катары иш алып барган маалында укук коргоо кызматкерлерине байланыштуу бир катар мыйзамсыз иш-аракеттерди ачыктаганын, ошондон улам өч алуу максатында жасалма кылмыш ишине аралаштырып, жазыксыз күнөөлөнүп жатканын айтышууда.

2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров мыйзамсыз камакта отурат деген негизде Кыргызстанды аны бошотууга чакырган. Мындан соң укук коргоочунун иши жаңы жагдайлар боюнча каралып, бирок күчүндө калтырылган. Мындан соң Азимжан Аскаров абакта бир нече күн ачкачылык жарыялаган эле.

Ошондой эле Аскаровдун ишине байланыштуу БУУ баштаган Human Rights Watch, Amnesty International баш болгон бир нече укук коргоо уюмдары Аскаровду актап чыгууну кыргыз бийлигинен талап кылышкан. Фемида өкүлдөрү айрым жагдайларга байланыштуу Аскаровдун кылмыш ишиндеги чечимдерди жумшартканы менен өмүр бою жаза өтөө өкүмүн күчүндө калтырган. Бул өз кезегинде Аскаровдун тарапташтарынын ачуу сынына кабылып, Аскаров Кыргыз Өкмөтүн сотко берүүгө да жетишкен.

Жогорудагыдай абройлуу уюмдардын кысымына кабылган кыргыз соттору кылмышкерди актап жибериши мүмкүн деген коомчулук, жарандык активисттер Кыргызстандын ички ишине сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсүн сынга алып келишет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз