Суббота, 21 сентября

27-февралда кар жаашы күтүлөт

0

27-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү болушу мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Эртең абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: 0…+5, күндүз +3 +8

Таласта түнкүсүн: -1…+4, күндүз: +2…+7

Баткенде түнкүсүн:+2… +7, күндүз: +4…+9

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +1…+6, күндүз +4…+9

Ысык-Көлдө түнкүсүн: -1…-6, күндүз: +5…+10

Нарында түнкүсүн: -4…-9, күндүз: 0…+5

Бишкекте түнкүсүн +3…+5, күндүз: +8…+10

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз