Пятница, 22 ноября

Сириядагы кыргызстандыктар мекенине келе албай жатышат

0

Сириянын аймагында Кыргызстандан барган 137 аял жана 400гө жакын жашы жете элек балдар лагерде жашап жатат. Бул тууралуу «Элет көйгөйү» коомдук бирикмесинин төрайымы Марипа Алыйкулова маалымат жыйында билдирди.

“Азыр Сириядагы балдар сууктан каза болуп жатат. Тиешелүү мамлекеттик органдар аларды мекенине алып келиши зарыл, алар учурда оор шарттарда чатырда күн кечирүүдө. Биз алардын Кыргызстандагы жакындары, ал жактагы энелери менен сүйлөшүп жатабыз», — деди Алыйкулова.

Буга чейин БУУнун ЮНИСЕФ Балдар фондусунун КРдеги өкүлүнүн орун басары Мунир Мамедзаде Сирияда дүйнөнүн булуң-бурчунан барган 25 миң, Иракта 9 миңдин тегерегинде бала бар экендиги кабарланган. Ал эми КР ТИМ башчысы Чыңгыз Айдарбеков Ирактагы кыргыз балдарды алып кетүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн билдирген.

Сирия жана Ирактын аймагына барган кыргызстандыктар алдоо жолу менен тузакка илинишкенин туугандары КР Акыйкатчылыгына кайрылганда айтышкан.

Эсиңиздерге салсак, 2011-жылы Сириянын башчысы Башар Асаддын бийлигине жергиликтүү калк каршы чыгып, калкка ок атуу менен коштолгон. Ошондон бери Асаддын режими, “Хезболла” кыймылы жана Орусия күчтөрү Сирияны жардырып келишет.

БУУнун билдирүүсүнө таянсак, 220 000 адам каз болгон. Орусия тышкы иштер министри 4,6 миллион Сириялык качкын бар экенин, 7,6 миллион өлкө ичиндеги миграция болгонун кабарлаган. 13,5 миллион адам жардамга муктаж.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз