Суббота, 21 сентября

Түркия самолету коронавирустан улам конууга мажбур болду

0

Turkish Airlines компаниясынын самолету Тегерандан Стамбулга баратып Анкарага токтоого мажбур болду. Себеби жүргүнчүлөрдүн арасындагы бир нече адамдан коронавирустун белгилери байкалган. Бул маалыматты Түркия Саламаттыкты сактоо министри Фахреттина Коджа кабарлады.

Маалымат боюнча учактагы 17 жарандын дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп жатканы байкалган. Мындан улам жүргүнчүлөр жана борт кызматкерлери, жалпысынан 132 жаран Анкарадагы медициналык мекемеге жеткирилип, 2 аптага карантинге алынарын билдиришкен.

Учак жерге конору менен «Тез жардам» унаалары курчап, жүргүнчүлөрдү атайын костюм кийген кызматкерлер тосуп алышкан.

Иранда жалпысынан 95 адам коронавирус менен жабыркап, 10дон ашуун жарандын абалы оор экени айтылууда. 15 адам көз жумган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз