Воскресенье, 19 мая

Туризм туусу Түркияга сайылды

0

Экономиканы өстүрүүгө эбегейсиз салым кошкон тармактардын бири бул-туризм. Айрым өлкөлөрдө туризм ИДПнын 90% түзүп, өлкөнүн өнүгүшүнүн, калктын жашоо-шартынын жакшырышынын негизги фактору болуп эсептелет. Дүйнө жүзү боюнча 200 миллион адам туризм менен алектенип, каражат табаарын атайын изилдөөлөр көрсөткөн.

Бир дагы көзгө көрүнөөрлүк ишкана, завод-фабрикасы жок, өлкөнүн казынасын кен байлыктарды чет элдиктерге ижарага берүү, элден, ишкерлерден чогултулган салык, чет жакта эмгектенген мигранттардын эсеби менен толтуруп жаткан Кыргызстан дагы өзүнүн кооз жаратылышы, көз суктанткан табияты менен туризм аркылуу өнүгүп кетүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар өлкө. Кыргызстан туризмдин Меккеси болот деген сөз 20 жыл мурун эле айтылганы менен күнү бүгүн да туристтер үчүн бейиш төргө айланалбадык. Тейлөө сапатынын начардыгы, жергиликтүүлөрдүн чет тилин билбегени, эң жөнөкөй деп айтылган жуунучу жай, даараткана өңдүү нерселердин да заман талабына жооп бербегени бизге келген туристтердин баш оорусуна айланганы өкүнүчтүү.

94%ын тоолор ээлеген өлкөбүз туристтерди тартууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт. Бул трэкинг, ат менен жана жөө жүрүштөр, вело- жана джип турларынын кызыгуучуларына теңдешсиз табылга. Ошондой эле ошол тоо сууларын рафтинг, каякинг сыяктуу экстремалдык туризмге пайдаланса болот. Анан сөзсүз көлгө түшүп эс алуу. Кышкысын тоо-лыжа базалары. Башкысы, Кыргызстан туристтерге үчүн адам колу тийбеген табигый жаратылышты көрүүгө, көчмөндөрдүн маданияты менен таанышууга, боз үйдө жашоого, жайлоого чыгууга, улуттук ат оюндарын көрүүгө шарт түзүп бере алат.

Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмдун берген маалыматтарына ылайык, 2019-жылы дүйнөлүк туризм 4 пайызга өскөн. Мисалга алсак, коңшу Өзбекстан 2019-жылы 6 748 500 турист кабыл алган. Жакынкы жылдары туристтердин санын 15 миллионго жеткирип, андан 15 миллиард доллар пайда табууну көздөөдө.

2019-жылы 52 миллион турист кабыл алган Түркиянын кирешеси 34,5 миллиард долларды түзүп рекорддук чекке жетти. Орточо эсеп менен киши башына 666 доллар туура келип, киши башына бир күндүк акча коротуу 68 долларды түздү. Эң көп турист Россия Федерациясынан, Германиядан жана Болгариядан келген. Түркиянын 2020-жылга койгон максаты 58 миллион турист кабыл алып, кирешесин 40 миллиард долларга жеткирүү болуп саналат.

Ал эми Кыргызстан 2019-жылы 2 миллиондун тегерегинде турист күтүп жатканын туризм департаменти билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз