Пятница, 22 ноября

Кувейттик хоккейчилер келбей калды

0

Кувейт мамлекетинин хоккей боюнча курама командасы Кыргызстанга келүүдөн баш тартты. Бул тууралуу хоккей федерациясынан билдирди.

Маалыматка таянсак, Кувейттин Шейхи өлкөдө коронавируска байланыштуу карантин жарыялагандыктан ушундай чечимге келген. Аталган вирусту 26 адам жуктуруп алган.

Белгилей кетсек, Хоккей боюнча төртүнчү дивизиондун дүйнө чемпионаты 3-5-март күндөрү Бишкектеги шаардык муз аянтчада өтөт. Кыргызстанга  Малийзиядан, Филиппинден спортчулар келиши күтүлүүдө.

Коронавирустан Кытайда 2918 адам набыт болду. Жалпы дүйнө боюнча 90 000 жакын адам ооруп жатат. Вирус жайылган отуздан ашык өлкөдө каза болгондор да бар. Кыргызстан буга чейин Кытайдан гана келген адамдарга карантин жарыяласа, азыр сырттан келгендердин бардыгын 14 күндүк карантинге алууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз