Суббота, 21 сентября

А. Атамбаев УКМК абагында китеп жазып жатат

0

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев УКМКнын абагында китеп жазып жатат. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев журналисттерге билдирди.

“Китеп жазуу үчүн ага атайын дептерлер берилген. Анын ден соолугунун абалы өтө оор болгонуна карабай, китепти өз колу менен жазууда” – деген жактоочу.

Анын айтымында Атамбаев китептин жарымын жазып койгон. Китеп автордун бала-чагы, мектептеги жылдары тууралуу.

Мурдагы президент былтыр 8-августта Кой-Таш айылындагы үйүнөн атайын операциянын негизинде кармалып, камакка алынган. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында кармалууда. 20-февралда Бишкек шаардык соту Атамбаевди тергөө абагында калтыруу чечимин чыгарды. 15-январда Биринчи май райондук соту мурдагы президенттин камактагы мөөнөтүн 15-мартка чейин узарткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз