Суббота, 21 сентября

С. Жээнбеков орус-кыргыз мамилесин сүйлөшүүгө кетти

0

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда эки күндүк иш сапары менен Россия Федерациясынын Москва шаарына учуп кетти.  Ал Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт, анда кыргыз-орус мамилелеринин азыркы абалы жана келечеги талкууланат.

Ушул эле күнү эки Мамлекеттин башчылары эки өлкөнүн Эриш-аркак жылынын ачылыш аземине катышат. Мамлекеттик Кремль сарайында өтө турчу салтанатка Кыргызстандын дагы чыгармачыл тобу кеткен. Кыргыз Республикасынын Эл артисттери Саламат Садыкова, Керим Турапов, белгилүү манасчы Самат Көчөрбаев,  А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын хору,  Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын Мамлекеттик “Ак марал” бий ансамбли, “Камбаркан” фольклордук – этногорафиялык ансамбли, Бишкек шаарынын Улуттук эл аспаптар оркестри, “Акак” комузчулар ансамбли жана жана эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрү болгон жаш солисттер, артисттер, комузчулар жана музыкалык окуу жайда билим алып жаткан окуучулары өнөрлөрүн тартуулашат.

Сооронбай Жээнбековдун Россия Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Россия Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен эки тараптуу жолугушуулары пландалган.

Иш сапардын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Белгисиз солдаттын мүрзөсүнө гүлчамбар коюп, Москва шаарынын ВДНХ аймагындагы «Кыргызстан» павильонуна барат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аликбек Жекшенкулов, Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Канатбек Исаев, Марат Аманкулов, Тынчтык Шайназаров, Евгения Строкова, Талант Мамытов, Бактыбек Турусбеков, Гүлнара-Клара Самат, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, Президенттин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бар.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз