Суббота, 21 сентября

Депутат жасалма паспорт менен мандат алган

0

Каракол шаарынын депутаты жасалма паспорт колдонуп жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

 

Аныкталгандай, 2016-жылы февраль айында 1976-жылы туулган Ысык-Көлдүн Ч.Т. аттуу тургуну берген арызынын негизинде, КСДПдан Каракол шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер катары катталган. Ал каттоого тиешелүү документтин бардыгын, анын ичинде паспорттун көчүрмөсүн дагы берген.

Бирок, 2012-жылдын ноябрь айында паспорт алмаштырылып, Ч.Т. аны 2016-жылдын февраль айына чейин Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Тепкин айылынын айылдык кеңешинде депутат болуп турганда колдонуп келген.

Ошентип, Ч.Т. жараксыз паспортунун көчүрмөсүн билип туруп тапшырып, депутаттык мандатты мыйзамсыз алган.

 

Ч.Т. карата КРнын Жазык кодексинин 215-беренеси 2-б. 3-п. (Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу), 321-беренеси 1-б. (кызмат абалынан ашыкча пайдалануу) боюнча  кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган факт боюнча сотко чейинки иши каралууда жана 330-берененин 2-б. (КРнын жаранынын паспортун мыйзамсыз колдонуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, козголгон кылмыш ишинин сотко чейинки өндүрүшү УКМК тарабынан жүрүп жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз