Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга Кытайга барат. Кайра кайткандан кийин 14 күндүк карантинге алынат. Бул тууралуу монгол лидеринин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Монголиялык делегация Кытайга эт түрүндөгү гуманитардык жардам жеткирип, кайра ошол күнү эле Улан-Баторго кайтып келет.
Буга чейин белгилүү актер Жеки Чан дагы карантинге алынганын ММКларга жазылып чыккан. Алардын айтымында, актер Гон-Конгдогу кечелердин бирине катышкан. Анда полициянын 48 жаштагы кызматкери да болуп, кийинчерээк андан коронавирус илдети табылган. Мындан кийин 65 жаштагы актер дагы карантинге алынган.
Белгилей кетсек, буга чейин Жеки Чан коронавируска каршы вакцина тапса, ага миллион юань (140 миң доллардан ашык) бере турганын убадалаган.