Воскресенье, 19 мая

Америкалык кыз сакалын кыра берип тажаган

0

23 жаштагы Кайопа Жейд Маржа сакалын ала берип тажап, өзүн кандай болсо ошондой кабыл алууну чечкен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

АКШнын Виржиния штатынын Фармвилл шаарынын тургуну гирсутизм (аял, балдарда түктөрдүн ашыкча чыгуусу) жана поликистоз (аялдын урук бездеринин ичи-тышын былжырлуу шишиктердин капташы) менен жабыркап келет. Аны классташтары шылдыңдай беришкенинен өмүр бою денесиндеги ашыкча түктөрдөн арыла албай күрөшүп келет. Денесиндеги түктөрү бат өскөндүктөн, жанына дайыма устараны алып жүрүп, күнүнө 2 ирет кырып турганга мажбур болгон. Айласы кеткенде ал жынысын өзгөртөм деп чыккан. Кийинчерээк интернет айдыңынан диагнозу окшош адамдар менен таанышып, баарлашып, өзүн кандай болсо ошондой кабыл алууну чечкен. Ошондон тартып ал түктөрүн кырууну токтоткон.

 «Мен адамдардын жалгыз эместигин жана гирсутизм же аялдык урук бездеринин поликистоз синдрому болсо эле сулуу болбой калбастыгын билишин каалайм», — деген Кайопа Жейд Маржа.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз