Воскресенье, 19 мая

Коронавирустун кесепети

0

Дүйнөдөгү эң бай 500 адамдын акчасы коронавирустан улам бир жума ичинде 444 миллиард АКШ долларга кыскарган.

Эң көп зыян тарткан адамдар Amazon компаниясынын жетекчиси Джефф Безос, Microsoft корпорациясынан Билл Гейтс жана LVMH компаниясынын президенти Бернар Арно. Алар 30 миллиард доллар жоготууга дуушар болушкан.

Дүйнөдөгү бай адамдардын 25-катарында турган Tesla компаниясынын жетекчиси Илон Масктын акциялары арзандап кетип, 9 миллиард долларын жоготкон. Акыркы жума Facebook социалдык тармагын негиздеген Марка Цукерберг үчүн да жагымсыз болду. Ал 6,5 миллиард долларын жоготкон.

Кытайдан тараган коронавирус дүйнөнү кучагына алып баратат. Жалпы 51 өлкө вирустук коркунучта.

Кытайда 2791 адам каза таап, 79 000ге жакын адам вирусту жуктуруп алган. Чет элдик басылмаларга таянсак, Кытайдан кийин эле Иран турат, каза болгондордун саны 50дөн ашты. Түштүк Кореяда 2931 адам коронавирус менен ооруп жатат. Көз жумгандардын саны 3.

29-февралга караган түнү Улуу Британияда 20 адам ооруга чалдыккан. Алардын бири өлкөдөн чыкпай эле ооруп калган. Учурда кантип жугузуп алганы такталууда. Ал эми Монаконун 50 жаштагы жашоочусу карантинге алынды. Францияда бир түндө 57 адам вирус жуктурду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз