Түркиянын тургунунда коронавирус табылды. Бул тууралуу республиканын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Коджа билдирди.
“Өлкөбүздүн жараны коронавируска шектелген. Анализдери оң чыкты”- деди Коджа.
Анын сөзү боюнча, инфекцияны жугузуп алган адам жакында эле Европадан кайтып келген. Бейтап учурда карантинге алынган, ден-соолугу канааттандырарлык.
Ошондой эле анын үй-бүлөсү жана аны менен байланышкан адамдар көзөмөлгө алынган.