Пятница, 26 апреля

Президенттикке талапкерлердин дебатын эч ким көрбөйт

0

АКШнын демократия партиясынан чыккан президенттике талапкерлердин дебаты көрүүчүлөрсүз өтөт. Бул тууралуу демократия партиясынын улуттук комитети кабарлаган.

Маалыматта, коронавирустан сактануу үчүн элди чогултуудан баш тартышканы айтылган. Дебат дем алыш күнү Аризонада болмок. Талапкерлер дебатка катышуу үчүн эл арасындагы сурамжылоодон белгилүү бир деңгээлдеги колдоо табышы керек.

Аризонада атаандаштыкта алдыда келе жаткан Джо Байден менен Берни Сандерс чыгышы мүмкүн. Алардын дебатын жеринен эч ким көрбөйт. Буга чейин дагы Байден менен Сандерс коронавирустан улам 6 штаттагы праймериздин жыйынтыгы боюнча өтө турчу митингди токтотуп коюшкан.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына таянсак, АКШнын 37 штатындагы  1004 адамдан коронавирус табылган, 31 адам каза тапкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз