Четверг, 9 мая

Венесуэла чек арасындагы кагылышууда 4 киши каза тапты

0

Венесуэла чек арасындагы кагылышууда 4 киши каза тапты
Колумбиянын Венесуэла менен чек арасында АКШнын Эл аралык өнүгүү
агенттиги (USAID)  жөнөткөн «гуманитардык жардамдар» өлкөгө киргизилип
жаткан убакта коопсуздук күчтөрү менен оппозициячылдардын ортосунда
кагылышуу болду.
Венесуэлада «гуманитардык жардамдарды» өлкөгө жеткирүүгө аракет жасалган
учурда кагылышуу болуп, 4 киши каза тапканы маалымдалды.
Колумбиянын Венесуэла менен чек арасында АКШнын Эл аралык өнүгүү
агенттиги (USAID)  жөнөткөн «гуманитардык жардамдардын» Венесуэладагы өзүн
убактылуу мамлекет башчы деп жарыялаган Хуан Гуайдого тапшырылышы үчүн
өлкөгө киргизилип жаткан убакта коопсуздук күчтөрү менен оппозициячылдардын
ортосунда кагылышуу болду.
Колумбия менен Венесуэла чектешкен эл аралык «Симон Боливар» көпүрөсүндө
коопсуздук күчтөрү, жарылуучу зат жана таш ыргыткан митингчилерге көздөн жаш
агызуучу газ чачты.
Чек арадагы «Франциско де Паула Сантандерде» көпүрөсүндө болсо жардам
алып бараткан жүк машиналарынын өрттөнүшү талаштарга себеп болгон.
Өкмөткө жакын маалымат булактары жүк ташуучу унаалардын оппозиционерлер
тарабынан чагымчылык максаты менен өрттөлгөнүн, оппозициячыл булактар
болсо жүк ташуучу унаалардын Боливарчы улуттук гвардия тарабынан өрт
коюлгандыгын айтып чыккан.
Оппозиционерлерге жакын венесуэлалык Форо Пеналь деп аталган жарандык
коомдук уюм чек ара бекеттериндеги кагылышууларда 4 кишинин каза тапканын,
200дөн ашуун кишинин жаракат алганын жана 51 кишинин камакка алынганын
айтты.
Венесуэла өкмөтү тарабынан бул тууралуу азырынча маалымат бериле элек.
Катуу кагылышуу башталган Бразилия чек арасынан көлөмү белгилене элек дары-
дармек толтурулган гуманитардык жардам киргени кабарланууда.
Венесуэлага Порто-Рикодон барышы күтүлгөн 200 тонна гуманитардык жардам
ташыган кеме Венесуэланын флотунан коркуп токтогону айтылууда.
Колумбиянын маалымат булактары учурда ар түрдүү даражадагы Венесуэла
коопсуздук күчтөрүнө таандык 60тан ашуун аскерлердин Колумбияга карай багыт
алгандыгын жазышууда.
Венесуэланын мамлекет башчысы Николас Мадуро, Колумбия менен ар түрдүү
саясий жана дипломатиялык карым-катнаштарды токтотуу боюнча чечим
чыгарганын жарыялап, колумбиялык дипломаттардын 24 сааттын ичинде
Венесуэладан чыгып кетишин талап кылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз