Четверг, 9 мая

«Оскар» «Жашыл китеп» киносуна ыйгарылды

0

«Оскар» «Жашыл китеп» киносуна ыйгарылды
2018-жылдагы эң мыкты фильми катары «Оскар» сыйлыгы режиссер Питер
Фарреллинин «Жашыл китеп» лентасына берилди. Бул тууралуу Twitterде 25-
февраль күнү Американын киноакадемиясына шилтеме берип жазылды.
Аталган фильмде ынды кара жаз пианисти Дон Ширли жана анын айдоочусу Тони
Валлелонгинин АКШнын түштүгүнө болгон саякатынын чыныгы таржымалы
баяндалат. Лентада башкы ролдорду Вигго Мортенсен жана Махершала Али
аткарышкан.
Ал эми башкы документалдуу картина деп «Жалгыздыкка карай эркин көтөрүлүү»,
кыска метраждуу номинацияда болсо «Точка» ленталары башкы сыйлыктарга
татыктуу болушту. Киноакадемиянын калыстары чет тилдеги эң мыкты фильм деп
Куарона Альфонстун «Рома» тасмасын табышты. Кыска метраждуу ленталардын
арасынан сынчылар Гая Нэттива жана Жейми Рэя Ньюмандын «Тери» деп
аталган тасмасын да белгилешти.
Мыкты толук метраждуу анимациялык картина деп режиссерлор Боба Персикетти,
Питер Рамзи жана Родни Ротмандардын «Адам-жөргөмүш: Аалам аркылуу» деген
тасмасы аталып, ал эми жылдын кыска метраждуу мультфильми деп Доми Шинин
«Бао» чыгармасы табылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз