Четверг, 9 мая

453 миң дыйкан чарбанын 15 миңи гана насыя алат

0

453 миң дыйкан чарбанын 15 миңи гана насыя алат
Өлкөбүздүн айыл чарбасын өнүктүрүү багытында каралган женилдетилген
насыялар тегиз бөлүштүрүлүүдөбү?
Парламенттин 28- февралдагы жыйынында парламент жазгы талаа жумуштарына
карата көрүп жаткан даярдык иштери тууралуу Өкмөттүн маалыматын угат. Бул
тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү олтурумунда айтылды.
Жалпы жазгы талаа жумуштарынын камылгалары боюнча депутат Бактыбек
Райымкуловдун айтуусунда дыйкан – фермерлерге берилүүчү насыялардын
кечеңдетилиши ишке бир топ тоскоолдугун тийгизүүдө. Адеп айыл чарбасына деп
каралган жеңилдетилген кредиттердин пайызы 14% , кийин 10%; 7% болсо,
акырындап ал  6%га түшүп олтурат. Бул багытта даярдалып жаткан мыйзам
долбоору бар. Маселе “Республика – Ата — Журт” фракциясынын да олтурумунда
ушул жума күнү каралганы турат, — дейт Б.Райымкулов.
Республика боюнча 453 миң дыйкан чарбасы болсо, анын 15 миңге жетип –
жетпегени гана насыя алып келет. Талап улам өсүп жаткандыктан,
керектөөчүлөрдүн тизмеси да улам жаңыртылып, насыя бардыгына жеткидей
болушу керек, — деген депутат, —  айыл чарба кредитин субсидия катары
санабастан, ссуда деп эсептеген туура болмоктугун кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз