Четверг, 9 мая

Балдарга карата зомбулук жана кылмыштуулук өсүүдө

0

Балдарга карата зомбулук жана кылмыштуулук өсүүдө
Бул тууралуу Башкы прокуратуранын демилгеси менен Кыргызстандагы
ЮНИСЕФтин Өкүлчүлүгүнүн колдоосунун негизинде жаш өспүрүмдөргө карата
зордук-зомбулукттарды болтурбоо жана жашы жете электер арасында
кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү
жөнүндө Тегерек столдун жүрүшүндө айтылды.
Аталган иш-чара жаш өспүрүмдөрдүн укугун жана кызыкчылыктарын коргоо
боюнча атайын ишмердүүлүк жүргүзгөн тийиштүү мамлекеттик органдарынын,
өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдарынын өкүлчүлүктөрүнүн катышуусунда
өткөрүлдү. Тегерек столдо катышкандардын өзгөчө көңүлүн ведомстволук өз ара
аракеттенүүнү бекемдөө, балдарга карата зордук-зомбулукту жана жашы
жетпегендердин арасында укук бузуулардын алдын алууга жана жол бербөө
боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатууга бурулган.
Ошондой эле, иш чаранын жүрүшүндө балдардын укугун коргоо маселелери
прокуратура органдарынын негизги багыт катарында өзгөчө көзөмөлүндө экени
белгиленди.
Жашы жетпегендер жөнүндөгү мыйзамдардын аткарылышы боюнча прокуратура
органдары тарабынан 2018-жылы жүргүзүлгөн текшерүүлөрдө 9 300 мыйзам бузуу
аныкталып, аларды жоюу максатында 1 500 прокурордук акты киргизилип, сотко
85 доо арыз келтирилип жана 33 кылмыш иши козголгон. Прокурордук актылардын
кароонун жыйынтыгы менен 1 800 кызмат адамы административдик жана
тартиптик жоопкерчиликке тартылышкан.
Мындан сырткары, 2019-жылдын 9-февралында Башкы прокуратуранын жылдын
жыйынтыгы менен өткөрүлгөн коллегиясында балдардын укуктарын коргоо
боюнча маселе каралып, анда прокуратура органдарынын балдарга карата орун
алган зордук-зомбулук фактыларын жана балдардын арасында калмыштуулукту
алдын алууга тууралуу профилактикалык иш-чаралары боюнча ар бир шаар жана
райондорго талдоолор жүргүзүлгөн.
Талдоо көргөзгөндөй, акыркы 2 жыл аралыгынды балдарга карата жасалган
зордук-зомбулук фактылары жана балдардын арасында калмыштуулуктун кескин
түрдө өсүү динамикасы байкалган. Бул көрүнүштөрдү жакшыртууга, тез жана
натыйжалуу чараларды кабыл алуу зарылчылыгын белгилейт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз