Суббота, 18 мая

Назарбаев премьер-министрликке Аскар Маминдин талапкерлигин сунуштады

0

Назарбаев премьер-министрликке Аскар Маминдин талапкерлигин сунуштады
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев премьер-министрлик кызматка
Аскар Маминдин талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу президенттик
администрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мамлекет башчы тиешелүү сунушун парламент
мажлисинин кароосуна алып чыкты.
Аскар Мамин 21-февралда отставкага кетирилген Бакытжан Сагинтаевдин
өкмөтүндө премьер-министрдин биринчи орун басары болуп иштеп келген. Учурда
ал өкмөт башчынын милдетин аткарууда.
53 жаштагы Мамин ага чейин «Казакстан Темир жолу» улуттук компаниясынын
жетекчиси, Астана шаарынын акими, транспорт жана байланыш министри
кызматтарын аркалаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз