КЖБР: Бюрократиябы же келечектеги кыймылбы?
2019- жылдын 1- январынан тартып Кыргызстанда жаңы укуктук талаа ишке
кирди. 5 кодекс: Жазык кодекси, Жоруктар жөнүндө кодекс, Укук бузуулар
жөнүндө кодекс, Жазык-процесстик кодекс, Жазык-аткаруу кодекси жана 2
мыйзам: Пробация жөнүндө жана Амнистиялардын негиздери жана аны
колдонуунун тартиби жөнүндө мыйзам күчүнө кирди. Бул Соттук-укуктук
реформанын алкагында автоматташтырылган маалыматтык система
“Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри” түзүлдү. КЖБРдин
кириши менен жазык системасына кординалдуу өзгөрүүлөр кирди. Бул
боюнча КР ПА караштуу Соттук-укуктук реформаларга мониторинг жүргүзүү
боюнча эксперттик жумушчу топтун мүчөсү, укуктук эксперт Тахмина
Ашуралиева айтып берет.
— КЖБР кандай иштейт?
— КЖБР–бул уникалдуу система, буга чейин Кыргызстандагы жазык сот
өндүрүшүндө буга окшогон системалар болгон эмес. Эми болсо биз адамды жазык
сот өндүрүшүнүн “кире беришинен” эле көрөбүз жана ал “чыгып жатканда” дагы
жазык процесси ачык эле түшүнүктүү болот. Андан ары биз электрондук кылмыш
ишинин форматына өтөбүз. Жана бул өлкөдө жарыяланган санариптештирүүгө
багыт алуу, электрондук башкаруу, бардык мамлекеттик чөйрөдө жаңы
маалыматтык технологияларды киргизүүгө багыт алууну ишке ашырууга жол
ачат.
КЖБР системасына кирүү “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара
аракеттенүү системасы –бир жылдан ашык убакыт мурда иштеп баштаган КЖБР
коопсуздугун камсыздаган “Түндүк” ВАЭӨА министрликтер менен ведомстволор
арасында маалымат алмашуу боюнча система аркылуу ишке кирет. “Түндүк”
системасын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик
комитетине караштуу “Электрондук өз ара аракеттенүү борбору” мамлекеттик
ишканасы көзөмөлдөйт. Бардык мамлекеттик органдар “Түндүккө” биригиши керек.
КЖБР кармоочу катары жана системада жазык иштеринин жүрүшүнө Башкы
прокуратура көзөмөл жүргүзөт. БП бул системанын түзүлүшү, өнүгүшү жана ишке
кириши боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ошондой эле КЖБР
алкагында ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү боюнча жетектөөчү орган
болуп саналат. Мисалы, Башкы прокурор республика боюнча кылмыштардын
жана жоруктардын бардыгын толук көрө албайт. Облустук жана райондук
прокурорлор КЖБРде өз аймактарын бөлүп кароого мүмкүнчүлүктөрү болот. Бул
системанын негизги катышуучулары – булар өз ара маалымат алмашып турган
сот органдары, прокуратура органдары, КРПА караштуу соттук-укуктук
реформаларды мониторинг кылуу боюнча эксперттик жумушчу топтун мүчөсүнүн
органдары, ички иштер, каржы полициясы, Жазык-аткаруу кызматы, УКМК,
Пробация органы жана башка органдар.
КЖБР төмөнкү блоктордон турат, ага төмөнкүлөр кирет:
— сотко чейинки өндүрүш, — соттук өндүрүш, — соттордун чечимдерин аткаруу.
Алгач маалыматтарды эсепке алуучу электрондук журналга катталуу ишке
ашырылат (МЭЭЖ). Бул жерде укук коргоо органдарынын, тез жардам
кызматынын, ӨКМ ыкчам жардам кызматынын, ошондой эле кылмыштардын
болушу жөнүндө кызмат адамдарынын рапорттору жана ММКлардагы
билдирүүлөр. МЭЭЖ бул кандайдыр бир “эшик “, ал аркылуу системага окуя
тууралуу арыздар киргизилет. Каттоодон баш тартуу жаза тартууга алып келет.
Арыз жана билдирүү түшкөн учурдан тартып 24 саат аралыгында КЖБР катталуу
жүрүшү зарыл. Сотко чейинки өндүрүш КЖБРге катталган учурдан башталат.
– Андан соң алгачкы квалификация иштелет, т.а. түшкөн арыздын
кылмыштык же жоруктук мүнөзгө ээ экендиги аныкталабы?
— Эгер окуя же арыз жорук катары квалификацияланса, анда бул жерде Жоруктар
жөнүндө кодекс иштеп баштайт жана ал боюнча өндүрүш кылмыштын өзгөчө жолу
менен кетет. Жоруктар жазык иштердин категориясына кирет, бирок жоруктун
квалификациялары соттуулукка кирбейт. Бирок жоруктар жөнүндө иштер боюнча
бардык өндүрүштөр дагы КДБРда жазылып калат. Окуя же арыз кылмыш катары
болгон учурда, анда жаңы жазык кодексинин алкагында сотко чейинки өндүрүш
башталат. Кылмыш иши тиешелүү тергөө органдарына жолдонот: каржы-
экономикалык кылмыштар ЭКККМКга, башка кылмыштар караштуулугу боюнча
башка укук коргоо органдарына: ИИМ, УКМК, ж.б.у.с. Жаңы ЖПК жазык ишин
козгоо стадиясы жок. КЖБРда автоматтык түрдө маалымат түшкөн учур катталат
жана кылмыш ишине же жоруктар жөнүндө ишке номер берилет.
Арыздануучуларга талон берилет – арыздын каралышын билип турууга мүмкүн
болгон билдирүү, б.а. кайсыл тергөөчү ишти алып барат, качан сотко өтөт жана
кайсыл судья ишти карайт ж.б., талондо арызды же билдирүүнү кабыл алган адам,
аны каттоонун убактысы жана анда QR-коду сөзсүз көрсөтүлгөн уникалдуу каттоо
номери көрсөтүлөт. Ошону менен бирге эле арыздануучулардын андан ары
өзүнүн гаджети аркылуу онлайн түрүндө өзүнүн арызын кароонун статусун
көзөмөлдөй алат. Кылмыш жасоого шектелип жаткан адамдар үчүн негиздеме
берүүчү жетиштүү далилдер болгон учурда, тергөөчү ал тарапты шектүүлүгү
туурасында кабардар кылат. Башкача айтканда, кылмыш жасоого шектелип
жаткан адам эгер табылса, анда ал тергөөчүдөн шектелгендиги тууралуу билдирүү
алат. Тергөөчүнүн бардык иш-аракеттери жөнүндө маалымат, анын ичинде
атайын маалыматтар дагы КЖБРге катталат. Сотко чейинки өндүрүш 2 айдын
ичинде аякташы керек, албетте, убакытты созуп койсо болот, бирок 1 жылдан
ашык эмес. Ошентип, чоң коррупциялык тобокелчилик бар болгон мурдагы
тергөөгө чейинки текшерүүлөр алынып салынат. Эми болсо бардык процесстик
иш-аракеттер КЖБРде маалымат катталгандан кийин гана ишке ашат.
— Ал эми сот органдары КЖБР системасына кошулганбы?
Азыркы тапта бул модулдар КЖБР системасына кошулууга даярдалып жатат. Бул
иштер менен "Адилет сот" мекемеси алектенүүдө. Белгилеп коюу зарыл, сотко
чейинки өндүрүштөгү соттук көзөмөл кеңейди. Жаңы процесстик фигура
киргизилди – кылмыш жасоого шектелип жаткан адамды кармоонун
мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшере турган тергөөчү судья баш коргоо
чарасын тандайт (камакта калтыруу, үй камагы, күрөө); атайын тергөө иш-
аракеттерин ж.б. жүргүзүүдө уруксат берүү же баш тартуу. Тергөөчү судья
ошондой эле КЖБР системасына жеткиликтүү болот жана тиешелүү
маалыматтарды киргизет. Сотко чейинки териштирүүлөр аяктагандан соң
соттордогу өндүрүштөр башталат. Жаңы укуктук алкак адамдын биринчи
инстанциядагы сотто акыйкат соттолуусу үчүн иштелип чыккан, так ошол биринчи
инстанция мыйзамдуу жана негиздүү чечим чыгарышы керек. Жогорку сот эми
биринчи жана экинчи инстанциядагы судьялар мыйзамдуу жана негиздүү
чечимдерди чыгарып жатышабы, жокпу, ошону карайт, б.а. бул стадиядагы иш
кайра каралбайт. Кайсыл гана инстанциядагы иш болбосун, сот тарабынан чыккан
чечим, соттук отурумдар дагы КЖБР системасында катталат. Бул соттордогу
иштердин карала турган мөөнөтүн карап турууга жол ачат, жалпысынан алганда
иш сотко өткөнүнөн тартып бир жылдан ашпоосу керек. Мурда Жогорку сот
ылдыйкы инстанциялар сыяктуу эле күбөлөрдү жана процесстердин башка
тарабын дагы чакырчу, кайра кароо үчүн ишти кайра биринчи инстанцияга
жиберчү, ошентип процесс белгисиз мөөнөткө созулчу, ал эми айыпталуучу бул
убакытта камакта жата берген. Соттолуучуну 5 жылдан ашык ТИЗОдо кармаган
учурлар бар. Жогорку соттун негизги иши кассациялык жана андан тышкары,
соттук тажрыйбаны жалпылаштыруу, сунуштарды иштеп чыгуу, аналитика болот.
— Мындай системалар кайда, кайсыл өлкөлөрдө бар жана алар кантип
иштейт?
— Мындай системалар дүйнөдө көптөн бери эле иштеп келе жатат. Эгер
постсоветтик өлкөлөр тууралуу айтсак, анда көбүрөөк ийгиликтүү, сыноодон өткөн
деп Казакстандын жана Украинанын тажрыйбасын айтсак болот. Мисалы,
Казакстанда сотко чейинки териштирүүлөрдүн бирдиктүү реестри (СТБР) бар,
соттор боюнча, ошондой эле жазык аткаруу системасы боюнча модулдар өзүнчө.
Алар бири -бири менен ар кандай платформалар аркылуу байланышып турат.
Алар 1997-жылдан бери бардык мамлекеттик органдардын ар кандай
маалыматтык базасын түзүүнүн үстүндө жана аларды бириктирүү, ички
электрондук тегеретүү менен иштеп келишкен. Казакстан Республикасында ошол
учурда Укуктук статистика башкармалыгы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө аларда үч чоң
бутак иштеп жатат: бул жазык, жарандык жана административдик иштер.
Кыргызстандын эксперттик жумушчу топтору, КР БП өкүлдөрү бул системаны
үйрөнүү үчүн Астана, Алматыга бир канча жолу барышкан. Бирок биздеги болуп
жаткан иштер көрсөткөндөй, Кыргызстанда болгон мүмкүнчүлүк өлкөнүн
мүмкүнчүлүктөрүнөн жана ресурстарынан чыгуу менен азырынча адам укуктары
чөйрөсүндө укук бузуулар көбүрөөк болгон кылмыш иштери боюнча бутакты ишке
киргизүү зарылдыгы. Кыргызстандын мамилеси биздин коңшу мамлекеттердин
мамилесинен бир аз айырмаланып турат, алар биринчи маалыматтардын
электрондук базасын түзүшкөн, аларды нормативдик укуктук актылар менен
күчтөндүрүшкөн жана кийинки учурларда эле бүтүндөй соттук-укуктук реформаны
жасашкан. Биздин мамиледе болсо, биз алгач тиешелүүлүгү боюнча соттук-укуктук
болгон укуктук алкакты белгилеп алдык, ыкмасын аныктадык жана мунун
негизинде бул же тигил маалымат чагылдырылган КЖБР системасын түзүп
баштадык. Бул жылы толугу менен түзүлүп бүтөт жана биздин укук коргоочу жана
укукту сыйлаган органдар үчүн чыныгы жардамчы болот деп ишенем. Жазык
чөйрөсүндө объективдүү маалыматтардын жана өлкө системасынын булагы
болот.
— КЖБР толук кандуу иштеши үчүн эмнелерди жасоо зарыл?
— КЖБРды жыл сайын жогорулатуу жана жакшыртуу керек, бул иш жаңы гана
башталды. ТЖБРдеги өзүбүздүн системанын интеграциясын жакшыртуу үчүн
мамлекеттик органдар өздөрүнүн ички ведомстволук маалымат системасын түзүү
жана өнүктүрүү; бул программалык камсыздоолордун кызматын жана ишке
ашуусун жакшыртуу, ар бир органда IT бөлүмдөрүн түзүү–ТЖБРди адистер менен
толуктоо жана бул системанын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу зарыл.
Ошентип, КЖБРга төмөнкү маалыматтар кирет:
— Кылмыштар жана жоруктар жөнүндө арыздар менен билдирүүлөрдү, ошондой
эле окуялар жөнүндө башка маалыматтарды каттоо (МЭЭЖ);
— КЖБРге каттоо (соттук өндүрүштүн башталышы);
— негизги процесстик иш-аракеттерди;
— кылмыш ишинин жүрүшү жана / же жоруктар жөнүндө иштер;
— жазыктык сот өндүрүшүнүн арыздануучулары жана катышуучулары.
КЖБРдин ачык структурасы адамдын ар-намысы жана укуктарын коргоо боюнча
мүмкүнчүлүктөрдү күчтөндүрөт, болуп жаткан коррупциялык схемалардын
көпчүлүгүн талкалайт жана көзөмөлдү турукташтырат.
Ошондой эле КЖБР жаңычылдыкты сиңирүү менен анын негизинде мамлекет
жазык саясатын түзө ала тургандай объективдүү жана реалдуу статистиканы
түзүүгө жол ача алат.
Маектешкен А. Белеков.