Пятница, 20 сентября

Мухаммад Жавад Зариф отставкага кетти

0

Мухаммад Жавад Зариф отставкага кетти
Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Instagram аркылуу кызматтан кеткенин жарыялады.
Isna агенттигинин маалыматына ылайык, Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Зариф Instagram баракчасына кызматтан кеткенин жарыялады. Ирандын ТИМ жетекчиси жарыялаган билдирүүсүндө Фатима Захранын (а.с) келе жаткан туулган күнү менен бирге энелерди жана аялдарды майрамы менен куттуктоо менен “Өткөн 67 ай ичиндеги Ирандын урматтуу бийлигинин жана ардактуу элинин айкөлдүгүнө жана эр жүрөктүүлүгүнө ыраазымын. Кызматтымды мындан ары улай албаганыма жана кызмат учурунда кетирген кемчиликтерим үчүн чын жүрөктөн кечирим сураймын. Бактылуу болунуздар!”, — деп жазган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз