Пятница, 20 сентября

Ошто коомдук транспорт акысы электрондук карта менен төлөнүүдө

0

Ошто коомдук транспорт акысы электрондук карта менен төлөнүүдө
25-февралдан тарта Ош шаарында троллейбус жана автобустарга жол акы электрондук карта аркылуу жүргүзүлүп баштады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Азамат Абсатаров билдирди.
Маалыматка ылайык, алгач электрондук карта менен төлөө ыкмасы 1-каттамдагы троллейбустарга киргизилди. Ал эми калган каттамдарда үч күндөн кийин толугу менен ишке кирет.
Картанын баасы 100 сом болуп, ичинде 36 сом акысы бар.
“Учурда бул боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Карталарды Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин кеңсесинен, Ош МУ, Ош ТУдан жана айдоочулардын өздөрүнөн алса болот. Электрондук төлөмдүн киргени айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө өтө ыңгайлуу болот. Анткени убакытты үнөмдөөгө шарт түзөт”,- деди Азамат Абсатаров.
Ал эми калаа тургундары электрондук картанын бир топ артыкчылыктарын белгилешүүдө.
“Электрондук картаны бир ай мурда сатып алганмын. Бүгүндөн баштап колдонууга өттүм. Айдоочуга акчаны берип, кайтарым күтпөгөнүн жакшы экен, ”- дейт шаар тургуну Мирсалат Маматова.
Белгилей кетсек, учурда Ош шаарындагы коомдук транспорттун баасы троллейбуста 6 сом, ал эми автобуста 8 сом.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз