Суббота, 23 ноября

Өзгөн районунун Зергер жана Кара-Таш айылдары ичүүчү суу менен камсыздалды

0

Өзгөн районунун Зергер жана Кара-Таш айылдары ичүүчү суу менен камсыздалды
Кум-Бел көмүр кениндеги «Цзинь Лун» тоо кен ишканасынын зыяндуу калдыктарынын кошулуусунун кесепетинен суусуз калган Ош облусунун калктуу жерлерин ичүүчү таза суу менен камсыздоо максатында бийлик тарабынан тиешелүү чаралар көрүлдү. Бул тууралуу Өкмөт Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Буга чейин маалымдалгандай, бул компаниянын иши токтотулуп, ичүүчү сууну жашоочуларга суу ташуучу унаа менен жеткирип жатышкан.
Кырдаалды изилдөө боюнча атайын түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия ишин жыйынтыктап жатат, анын жыйынтыгы боюнча тийиштүү чаралар көрүлөт.
Мындан тышкары, Өкмөттүн тапшырмасы боюнча Техникалык жана экологиялык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен «Цзинь Лун» ЖЧКга калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча эскертүү берилген.
Натыйжада, бүгүнкү күнү «Цзинь Лун» ЖЧК Өзгөн районуна караштуу Зергер жана Кара-Таш айылдарында ичүүчү суу киргизди. Жалпысынан 15 суу түтүгү орнотулуп, жалпы узундугу 8 миң метр суу түтүгү тартылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз