Пятница, 20 сентября

Бишкекте 4 эм төрөлдү

0

Бишкекте 4 эм төрөлдү
25 февраль күнү Бишкек шаарындагы №4 төрөтканада таңкы саат 5:00дө 4 эм жарыкка келди. Маалыматты жаш эненин тууганы Алмагүл Кенжегул кызы билдирди.
“Жаш эне Нурайым Рысмат кызы кесарево жолу менен төрөдү. Үй-бүлө 4 жылдан бери наристе күтүп келишкен. Жеңебиздин биринчи төрөтү, ал 1991-жылкы. Ымыркайлардын үчөө кыз, бирөө эркек бала, алардын абалы жакшы. Учурда эне операциядан кийин өзүнө келе элек, жандандыруу бөлүмүндө. Эркек баланын салмагы 1 килограмм 700 грамм, бир кызынын салмагы 1 килограмм 470 грамм жана калган эки кызынын салмагы 1 килограмм 400 грамм болуп төрөлдү”, – деп билдирди Алмагүл Кенжегул кызы.
Үй-бүлө Талас облусунан болот. Учурда Бишкек шаарында эмгектенип, батирде ижара төлөп жашашат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз