Пятница, 20 сентября

Депутаттар, министрлер, спортчулар жана журналисттердин Көк бөрү мелдешинде кимдер ойноду? (тизме)

0

Депутаттар, министрлер, спортчулар жана журналисттердин Көк бөрү мелдешинде кимдер ойноду? (тизме)
23-февралда «Ак-Кула» ат майданында (Бишкек шаары) Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө арналган Жаштар иштери дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын көк бөрү федерациясы менен биргеликте уюштурган көк бөрү оюну боюнча достук мелдеши болуп өттү.
Мелдешке 4 команда катышты: Кыргыз Республикасынын Жогоку Кеңешинин командасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн командасы, Мамагенттиктин жана Жалпыга маалымдоо каражаттарынын командалары күч сынашты. Команданын толук курамы менен төмөн жактан таанышса болот.
Иш-чаранын ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастан Жумабеков куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал иш-чаранын катышуучуларын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан жана жеке өзүнүн атынан Ата мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, бекем ден-соолук жана албан-албан ийгиликтерди каалап өттү. «Көк бөрү оюну – бул ата-бабаларыбыз мурас катары калтырып кеткен кыргыздын улуттук оюну. Бүгүнкү азаматтардын оюну көк бөрүнү даңазалап, кийинки муундарга пропаганда кылып, аны сактап калуунун эң мыкты жолу». Ал баардык командаларга ийгилик каалап, мелдештин көрүүчүлөрүнө жана уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди.
КРнын Өкмөтүнүн жана премьер-министрдин атынан Вице-премьер министр Замирбек Аскаров аталган майрам менен куттуктады. Ал өз сөзүндө Москвадагы мекендештерибиз дагы бүгүнкү мелдешти колдоп көк бөрү ойноону пландап жатат. «Кыргыз жигити качан жана кайда болбосун ээрге бекем отуруп келген. Элибиз өркүндөсүн, өлкөбүздө тынчтык жана ийгилик өкүм сүрсүн», – деди Замирбек Аскаров.
Оюн Өкмөт жана Мамагенттиктин командасы менен башталды. Командалар 3 бөлүктөн 15 минуталык оюн көрсөтүшүп, 5 минут тыныгуу менен коштолду. Биринчи жана экинчи бөлүктө Мамагенттик алдыга чыгып, биринчи бөлүктө 2:3, экинчи бөлүктө 1:2 эсеби менен оюн көрсөтүштү. Үчүнчү бөлүк чечүүчү болуп финалга КР Өкмөт командасы жетишти. КР Өкмөтүн өкүлдөрү үчүнчү бөлүктө каршылашынын тайказанына 3 улак ыргытууга жетишти. Жалпы жыйынтык 6:5 эсеби менен КР Өкмөтүнө пайдасына чечилди.
Экинчи болуп оюн талаасына КРнын Жогорку Кеңешинин командасы менен ЖМК командасы чыгышты. Алар кызыктуу оюн көрсөтүшүп 3 бөлүктө тең бири-бирине утулбай 0:0 эсеби менен чыгышты. Кошумча 10 мүнөттүктө КР Жогорку Кеңешинин командасы 1:0 эсеби менен алдыга чыгышты.
Үчүнчү орунга Мамагенттик менен ЖМК командалары беттешип, жыйынтыгында 4:2 эсеби менен Мамагенттиктин пайдасына чечилди.
Финалда КРнын Өкмөтүнүн командасын жеңип, Жогорку Кеңештин командасы 2:0 эсеби менен мелдештин жеңүүчүсү аталды.
Баардык командалар уюштуруучулар тарабынан жана Премьер-министрдин ээлеген орундарына жараша диплом кубоктор жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту.
Командалардын курамы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин командасы:
Дастанбек Джумабеков
Мирлан Бакиров
Нурбек Алымбеков
Талант Мамытов
Айбек Алтынбеков
Нурбек Тотонов
Канатбек Исаев
Бактыбек Райымкулов
Омурбек Бакиров
Урматбек Самаев
Курманкул Зулушев
Тазабек Икрамов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн командасы:
Алтынбек Исеналиев
Дармен Акназов
Курсан Асанов
Мырза Джаманбаев
Давланбек Алимбеков
Нурбек Сыдыгалиев
Кубатбек Усонов
Искен Кадыркулов
Максатбек ажы Токтомушев
Замирбек Аскаров
Бобуржан Мамытов
Улукбек Календеров
Улукбек Марипов
Нургазы Абдрырасулов
КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин командасы:
Жыргалбек Саматов
Акыл Жумабаев
Талас Бегалиев
Токтобек Кармышаков
Бакытбек Оморов
Нияз Курманкулов
Кубаныч Изабаев
Нурлан Турдубаев
Курмантай Айтбаев
Тилек Урманбетов
Алмаз Паррубаев
Мыктыбек Турашов

ЖМК өкүлдөрүнүн командасы:
Тынчтык Алтымышев
Анарбек Абазбеков
Каныбек уулу Ардак
Самат Жумакадыров
Стал Абдыжалил
Тариел Акназаров
Жапар уулу Орозаалы
Зулпукар Сапанов
Сыргак Бактияров
Азамат уулу Кылышбек
Бегалы Токтогулов
Максатберди уулу Кайрат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз