Пятница, 20 сентября

Түркия менен Орусиянын кызматташтыгы жигердүү өнүгүүдө

0

Түркия менен Орусиянын кызматташтыгы жигердүү өнүгүүдө
ОФнын Анкарадагы элчиси түрк-орусия мамилелеринин өнүгүү ыргагына жогору баа берди.
Орусия-түрк мамилелери жигердүү өнүгүүдө жана иш жүзүндө эң жогорку чекке жетти. Бул тууралуу Орусиянын Анкарадагы элчиси Алексей Ерхов Түркиянын Эскишехир провинциясынын губернатору Оздемир Чакаджак менен жолугушууда айтты.
Дипломат Орусия менен Түркиянын президенттеринин тез-тез жолугуп, маанилүү маселелерди сүйлөшүп жатышкандыгына басым жасады.
«Президенттер Владимир Путиндин жана Реджеп Тайип Эрдогандын диалогу биз үчүн эки тараптуу байланышты кантип чыңдоо керектигине эң сонун мисал болот», — деди Ерхов.
Элчи Орусия менен Түркиянын аймактарынын ортосундагы байланышты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө басым жасады. «Аймактар аралык кызматташтык мамлекеттер аралык өнөктөштүктө өтө маанилүү болуп саналат», — деп белгиледи элчи.
Эскишехирдин губернатору өз кезегинде орусия-түрк мамилелеринин көп кылымдык тарыхы бар экендигин эске салып, эки дос мамлекет бүгүнкү күндө көптөгөн аймактык жана эл аралык маселелерде тыгыз кызматташып жатышкандыгын кошумчалады.
Чакажактын айтуусунда, бул жагдайга мисал болуп, Сирия кризисин биргелешип чечүү демилгеси, «Аккую» АЭСинин курулушу, «Түрк агымы» газ түтүгү долбоору жана С-400 ракетасын сатуу боюнча макулдашуулар саналат.
Анын сөзү боюнча, 2019-жылдын Россия жана Түркиядагы маданият жана туризмдин жылы деп жарыяланышы эки өлкөнүн байланыштарынын өнүгүүсүнө чоң салым кошмокчу.
наглядным свидетельством тому являются совместные инициативы по урегулированию сирийского кризиса, строительство АЭС «Аккую», проект газопровода «Турецкий поток» и соглашение по поставкам ЗРК С-400.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз