Пятница, 20 сентября

Мухаммад Жавад Зарифтин отставкасы кабыл алынган жок

0

Мухаммад Жавад Зарифтин отставкасы кабыл алынган жок
Ирандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Мухаммад Жавад Зарифтин отставкасы кабыл алынбаганын билдирди.
Ирандын маалымат каражаттарынын билдирүүсүндө, тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Бахрам Касеми Жавад Зарифтин кызматтан кетүү тууралуу арызы кабыл алынбаганын маалымдады.
“Президенттин аппаратынын жарыялаган маалыматына ылайык, Зариф мырзанын арызы кабыл алынбаганы белгилүү”, — деди.
Бахрам Касеми Ирандын ТИМ жетекчисинин кызматтан кетүүсү боюнча массалык маалымат каражаттарында айтылган божомолдор боюнча мындай деди: “Мухаммад Жавад Зарифтин Instagram баракчасына жарыялаган билдирүүсүнөн башка отставка боюнча айтылган ар кандай чечмелөөлөр жана себептердин баары туура эмес. Президенттин Аппараты Ирандын ТИМ жетекчисинин отставкасы кабыл алынбаганын жарыялады”.
Буга чейин, Ирандын президенти Хасан Рухани тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зарифтин кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл алды же алган жок деген маалыматтар таркаган эле.
Жавад Зариф кызматтан кете турганын 25-февралда Instagram баракчасына жазган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз