Воскресенье, 24 ноября

Сапар Исаковдун адвокаты наркоманбы?

0

Бишкек ЖЭБи боюнча соттолгон Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов наркологиялык борборго жаткырылды. Бул тууралуу Беспредел KG-КР фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Текст өзгөртүүсүз берилди!

Чукул кабар: Нурбек Токтакунов наркологиялык борборго жаткырылды

Бишкек ТЭЦи боюнча соттолгон Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов наркологиялык борборго жаткырылды. Маалыматтарга караганда ал наркотикалык заттарды ашыкча колдонуп, спирттик ичимдиктерге тоюп алган. Муну тастыктаган фото жана видео материалдарды бизге күбөлөр жиберди. Ал 9-апрелден бери Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Наркология борборунда дарыланып жатыптыр.

Негизи Токтакунов алкоголго эле эмес, гашиш маңзатына да көз каранды. Ишенбесеңер ай сайын Бишкектин Элебесов көчөсүндө жайгашкан “Гармония жизни” психотерапия борборун акмалап турсаңар, ошол жактан дарыланып турат.

Токтакунов буга чейин психикалык саламаттыгына доо кеткендигине байланыштуу “жиндиканага” да жатып чыкканы тастыкталган. Мындан сырткары, наркотикалык заттарды пайдаланып, ичкиликке өтө жакын экени маалым болгон. Эми ушундай адвокаттарга күну түшкөн С.Исаков сыяктуу коррупционерлерди кантип атаса болот? Тиешелүү органдар мындай моралдык жактан бузулган бул адамды адвокаттык лицензиясынан ажыратышы керек. Антпесе дүйнөгө шерменде болбойбузбу?

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз