Түркия айбаттуу арыстанга айланууда
Түркия экономикасы жыл санап өсүп, өндүрүшү өркүндөп, дүйнөдөгү алдыӊкы 20 өлкөнүн катарында кирди. Кубаттуу экономикасы кубаттуу саясатка таяныч болуп, геосаясатта салмактуу өлкөгө айланды. Россия бийлиги менен бир кезде салкындай түшкөн мамилесин оӊдогонго жетишти. НАТО блогуна мүчө болгондугуна карабай, АКШга карата өз позициясын ачык билдирип, теӊ тайлаша баштаганы дүйнө коомчулугун таӊ калтырды.
Ал эми кыргыз-түрк мамилеси кандай өӊүттө өркүндөп жатат? Күркүрөгөн арстандын бизге кандай пайдасы тийүүдө?
Эгемендүү мамлекет катары башка мамлекеттерден карыз алсак аны пайызы менен кайтарып берип, грант алсак ал үчүн ошол өлкөнүн көз карашына төп келген саясат жүргүзгөн учурлар арбын. Маселен, кытай грант берген менен жолдорубузду өздөрүнүн компанияларына оӊдоттуруп жатат. Башкача айтканда бир колу менен жардам берип, экинчи колу менен берген акчасын кайра эле өзү иштетүүдө. Орустар берген жардамда да ушундай көрүнүштөр байкалат. Түз болбосо да “Коопсуз шаар”, Жогорку Нарын каскадынын курулушу сыяктуу добоорлорду орус ишканалары алышкан. Бирок Кытай менен кошуна жашаган өлкө болсок, орустарга стратегиялык партнербуз.
Алгачкы түрк кредити төмөнкү пайыз менен берилип, А. Акаевдин тушунда алынган 50 миллион доллар А. Атамбаевдин бийлиги учурунда кечирилген. Карызды кечүүдө түрк тарап эч кандай талап-шарт койгон эмес. Себеби карызды кечкен түрктөргө Атамбаев эч тартынбай эле каяша айтканына баарыбыз күбө болдук.
Ири сумма карызды кечкендердин катарында Россия Федерациясы да бар (250 миллион доллар). Бирок, орустардын карызды этап-этап менен кечүүсүндө саясий өӊүттөгү чоӊ маселе бугуп жатат. Бул арканды узун таштап, учуна сыйыртмак байлаган менен барабар. РФга союздан мурас калган саналуу заводдорубузду кармата бергенбиз. Алардын Канттагы авиабазасы, Ыссык-Көлдөгү, Майлы-Сайдагы, Кайыӊдыдагы объектилери жөн-жай эле курулуп калдыбы? Бул авиабаза казынабызга ижара акыдан олчойгон киреше киргизип турган АКШнын “Гансисин” кетирүүгө чоӊ жардам берди. Эки тоонун чөбүн эӊсеген бир президентибиздин бийлигин ойрондоду. Путиндин марттагы сапарынын алдында Түштүк тарапка курула турган экинчи база тууралуу да кеп козголууда.
2013-жылы Түркиядан 100 миллион доллар кредит, 6,7 миллион доллар грант алынган. Жеӊилдетилген кредиттин мөөнөнөтү 20 жыл, анын 7 жылы жеӊилдик менен төлөөгө берилген. Жылдык пайызы жалпы мөөнөткө 0,1 % түзөт. Алынган кредит өлкө аймактарындагы 20 имараттын курулушуна (анын ичинен 10 мектеп), айыл чарбасы, техникалык жабдууларды сатып алууга, жол курулуштары ж.б. тармактарга жумшалган. Кыргызстанга мындай жеӊилдетилген кредит берген өлкө, уюмдар сейрек.
Ѳндүрүш тармагында түрк капиталына ачылган ишканалардын саны 300дөн көп. 5 миӊден көп кыргызстандык ал жерлерде жумуш менен камсыз болуп келет. Түрк капиталына курулган ири ишкана, соода борборлору: “Кока-Кола Бишкек Боттлерс”, “Бишкек Парк”, “Демир Банк” ж.б.
Билим-берүү тармагы боюнча сөз кыла турган болсок 1992-2012-жылдар аралыгында 3 500дөн ашуун кыргызстандык студент Түркияда бюджеттик негизде билим алып келген. Бул өлкөдө билим алуу үчүн дүйнөнүн 180 өлкөсүнөн жыл сайын 120 миӊ абитуриент тапшырса, акыркы жылдары кыргызстандык 4 375 студент атайын программанын алкагында акысыз билим алууга жетишкен. “Түркия стипендиялары” аркылуу бюджеттик негизде билим алып жаткан студенттерге ай сайын бакалавр программасында 260$, магистратурада 380$, аспирантурада 525$ өлчөмүндө стипендия төлөнөт. Акысыз окуу жана акысыз жатакана мүмкүнчүлүгү берилип, медициналык камсыздоо менен учак билети жана ар түрдүү социалдык көмөктөр көрсөтүлөт. Кыргызстанда түрктөрдүн көмөгү менен ачылган Кыргыз-Түрк “Манас” университети, “Анадолу” кесиптик лицейлери ийгиликткүү иштеп келет. ТИКА агенттиги тарабынан 2012-жылы Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районуна заманбап үлгүдөгү 3 кабаттуу Кыргыз-Түрк “Достук” мектеби курулган. Мектеп заманбап техникалар, окуу куралдары менен жабдылып, анда жаңы методдор менен жогорку квалификациялуу мугалимдер иштеп келет. Булардын ичинен Кырыгыз-Түрк “Манас” университетинин өзү эле эбегейсиз чоӊ капитал, билим берүү инвестициясы экендигин белгилей кетпесек болбос.
Айыл чарба тармагындагы алакалар да көӊүлгө толорлук. 1993-жылы бизге берилген 100 милион доллар түрк кредитинин эсебинен “Беларус” тракторлору сатылып алынып, дыйкандарга көп жылга лизингге берилген. Бодо малды жасалма уруктандыруу ишин уюштурууга борбор үчүн жабдуулар сатылып алынган. Быйылкы жылда көп жылдык дарактарды өстүрүү боюнча түштүк жергесинде чоӊ долбоор ишке ашканы турат. Ѳкмөттөр аралык келишимге ылайык бизден Түркияга 60 миӊ тонна тегегеринде эт экспорттоо жагы колго алынып келет.
Албетте, бизнеске, экономикага көлөкөсүн тийгизген жагдайлар да жок эмес. Кыргызстан ЕАЭБке мүчө болгондон кийин бажы төлөмдөрү көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу эт экспорттоо бир аз азайган. Төө буурчак экспортунун көлөмү олуттуу өзгөрүүгө кабылбаганы менен баасы арзандап кеткен. Бул да ошол эле ЕАЭБтин талаптарынан улам жаралган. Анткени буурчакка суроо-талап бар, ал өлкөдөгү сатуу баасы стабилдүү, болгону бажы төлөмдөрү жогорулаган. Анын кедергиси дыйкандарга тийип, сатып алуу баасы ылдыйлап кеткен.
Эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 26 жылда 18 эсеге өскөн. Ѳткөн жылдын этегинде жандана баштаган кыргыз-түрк мамилелеринин натыйжасында бул көрсөткүчтүн көлөмү 1 миллиард долларга жеткириле турган болду. Бизден Түркияга чыгарылган товарлар: жалпы экспорттун ичинен төө буурчак – 50%, авиакеросин – 25,8%, пахта – 9,8% түзөт. Булардан сырткары эт, сабиз, пияз, бал ж.б. экспорттолот. Түркия тараптан келген товарлар: кийим-кече (текстиль жана трикотаж) – 16,7%, өндүрүш аспаптары, шаймандар – 11,9%, электр машиналары жана жабдуулар – 10,1%, пластмасса жана андан жасалган буюмдар – 9,9%, килем, кездеме ж.б.– 4,7% түзөт. КР Улуттук статистика комитетини маалыматына ылайык 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында Түркия менен болгон товар жүгүртүү 181,1 миллиона долларды түзгөн. Анын ичинен 35,1 миллиону – экспорт, калганы – импорттолгон товардын суммасы. Бул мезгилге карата инвестициянын көлөмү 19,2 миллион долларды түзгөн.
Ушул тапта түрк жергесинде 30 миӊ кыргызстандык мигрант иштеп келет. Билим алып жаткан студенттердин саны 2 миӊге чукул.
Тили, дили жакын боордош эки элдин маданият, искусство, чыгармачылык жаатында түпкүлүктүү жакындыктар бар. ТүркСой уюму эки элдин ортосунда маданий иш чараларды тынымсыз уюштурууну колго алып келгендиги белгилүү. Элчиликтер Түркияда “Кыргыз маданиятынын күндөрүн”, Кыргызстанда “Түрк маданиятынын жумалыктарын” уюштуруп келет. Айрыкча былтыркы жылы улуу жазуучубуз Чыӊгыз Айтматовго байланышкан иш чараларда түрк эли, Түркиянын саясий-маданий элитасы активдүүлүгүн көрсөттү. Анкарада көргөзмө уюштурулуп, бир нече маданий иш-чаралар болуп өттү. Айтматовду алар түрк ааламынын жазуучусу катары таанып, китептерин басып чыгарып, “Кызыл жоолук жалжалым” чыгармасынын негизинде кино да тарттышкан. Бул өлкөнүн жардамы менен Улуттук тарых музейинин оӊдоо иштерине 15 миллион доллар каралып, музейди оӊдоо иштеринин биринчи этабы, имараттын сыртын оӊдоо бүткөрүлгөн. Улуу эпосубуз “Манастын” түрк тилине которулган варианты чыгарылды.
“Ыйман” фондуна Түркия тарабынан 5 миллион доллар акча каражаты дин маданиятын жакшыртуу үчүн берилген. Аталган долбоор 2014-2020-жылдарда диний чөйрөдө имамдардын калк менен жүргүзгөн практикалык иштеринин сапатын жакшыртуу, диний чагымчыл жана экстремисттик чакыруулардын алдын алуу максатында түзүлгөн. Түркиянын кайрымдуулук фонду болгон Диянет фондунун Бишкекте 30 миллион долларга курган чоӊ мечити 7,5 миӊ чарчы метр жабык аянтка ээ. Анын короосунда бир эле учурда 20 миң киши намаз окуй алат. Ошондой эле 500 унаалык автопаркы, Куран курстары, конференция залы, ашкана жана башкаруу имараттары бар. Ошодой эле Диянет фонду жыл сайын уюштурулуп келген имамдардын билим деңгээлин жана жөндөмүн жогорулатууга багытталган курстарды каржылап келүүдө. Теолог адистерди даярдоо боюнча ОшМУда ачылган теология факультетине да көптөгөн жардамдар Түркия тараптан көрсөтүлүп келет.
Ѳкмөттөр аралык уюмдардын бири — ТИКА (Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги) 1993-жылы Бишкекте координациялык кеӊсесин ачып, программаларын ишке ашырууга толук кандуу кирише баштаган. Бүгүнкү күндө уюм тарабынан экономикалык, соода, социалдык, техникалык, билим берүү тармактары боюнча долбоорлор ийгилктүү ишке ашырылып келет. Уюмдун ишмердүүлүгүнүн натыйжасында “Кыргыз почтасы” ишканасына материалдык-техникалык жардамдар көрсөтүлгөн. Бир эле 1992-2007-жылдар аралыгында 16 миллион доллардык долбоорлор ишке ашырылган. Анын ичинен Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Достук” ооруканасынын курулушу, “Кыргыз-Түрк Достук” мектебинин курулушу, Улуттук Тарых музейинин сыртын жаңылоо, Элдик Нан муниципалдык наабайканасын куруу, Өзгөндөгү жер көчкүдөн жабыркаган үй-бүлөлөргө турак-жай салып берүү сыяктуу ири долбоорлор ишке ашырылды. ТИКАнын максаты — тарыхы, тили, дини, маданияты бир болгон кыргыз жана түрк элдеринин достугун бекемдөөгө салым кошуу, бул жааттагы иш-чараларды колдоо болуп саналат.
Медицина жаатында ТИКА долбоорунун негизинде сөөк чучугун трансплантациялоо боюнча Кыргыз-Түрк Борбору ачылган. Эки өлкөнүн медициналык кызматкерлери тарабынан тажрыйба алмашуу иштери жүргүзүлүп келет. Түрк догдурлары Бишкекке келип дарылоо иштерин акысыз жүргүзгөн иш-чаралар баймабай болуп турат. 2012-жылдын ноябрь айында ушул эле агенттик тарабынан Ош шаарынын Гагарин көчөсүндө 150 орундуу, 2760 чарчы метр аянтка ээ болгон 3 кабаттуу бейтапкана курулган. Бетапканада 36 доктор, 72 жардамчы медайым жана техникалык адистер болуп жалпысы 140 кызматкер иштейт. Жалпы хирургия, кулак-мурун оорулары, гинекология, стоматология, урология, көз, физикалык терапия, ич-көңдөй оорулары, неврология сыяктуу бөлүмдөр орун алган.
Бишкек шаарынын мэриясына тиешелүү №1 шаар клиникасынын ичинде 52 бөлмөлүү, 11.000 чарчы метр жабык аянтка ээ болгон оорукана 2017-жылы ТИКА тарабынан салынган. Оорукананын медициналык аппараттар менен жабдылышы, анда иштей турган кызматкерлердин окутуу чыгымдары да долбоор тарабынан каржыланды. Анда кардиология, кан-тамыр хирургиясы, радиология жана гастроэнтерология сыяктуу эң көп муктаждык болгон клиникалык кызматтар берилмекчи. Бишкектеги “Кыргыз-Түрк Достук” ооруканасы Түркиянын Орто Азиядагы эң чоң долбоорунун бири болуп саналат. “Достук” ооруканасына бир гана Кыргызстан эмес, коңшу Казакстандан да бейтаптардын келиши күтүлүүдө.
Эки элдин ортосундагы медиа байланыш боюнча да айта турган сөз арбын. Түрквизион эл аралык конкурсуна 2015-жылы Жийдеш Идирисова катышып, Стамбулдан биринчи орунду алып келген. 2017-жылы 3-дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жүрүшүн “ТРТ-Аваз” сыяктуу түрк телекомпаниялары дүйнөгө көрсөтүп турду. Кйинчерээк бул теле компания Кыргызстанда өз каналын ачты. КТРК, ЭлТРдин теле-радио журналисттери боордоштордун кол сунган долбоорлорунун негизинде адистигин ал өлкөдөн жогорулатып келишет.
Жакында Түркия элчиси Ош облусунун аймагына заманбап аэропорт, мектеп жана эс алуу багын курууну, мындан сырткары бизнес парк, оорукана, логистикалык борборлор боюнча да даяр сунуштар болсо ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карай тургандыктарын айтты. Облус жетекчилиги элчиге аэропорт куруу үчүн жер даяр экендигин, Транспорт министрлиги тиешелүү амалдарды ишке ашырып берсе, биргеликте аба майданды курууга кызыкдар экенин билдирди.
Ошентип кечөө жетимишинчи жылдардын аягында экономикасы чабал, өндүрүштөн дайыны жок Түркия 40 жылда айбаттуу арыстанга айланып чыга келди. Мындай ийгиликке жетүүнүн сырлары албетте жол башчылардын көрөгөчтүгү, эрктүүлүгү, таза иш алып баруусу, мыйзамдуулуктун сакталышы, коррупциядан оолак болуу, элдин күжүрмөн эмгекчилдигинде десек болот. Ошондуктан, акты ак, караны кара деп, алп кара кушту атынан атай турган болсок Түркия бизге бир тууган, дос өлкө. Буга жогоруда келтирилген мисалдар далил боло алат.
Түрктөр курган оорукана, завод-фабрикалар, соода борборлору, мечиттер, окуу жайлар кыргыз элинин байлыгы болуп калды. Түрктөр буларды Түркияга көчүрүп кетпейт да. Булардын баары элдин келечегине кызмат кылып жергебизде кала берет. Ал эми саясат жагын карасак түрктөр ушуга чейин бизге кандайдыр бир нерсени таңуулаган жок. Жыйынтыктап айтканда биз түрктөргө эмне бердик да, эмне алып жатабыз деген суроого жогорудагы мисалдар жооп болот деген ойдобуз.