Вторник, 17 сентября

Эрдоган Түркиянын улуттук кызыкчылыгы баарынан жогору экенин айтты

0

Эрдоган Түркиянын улуттук кызыкчылыгы баарынан жогору экенин айтты
Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоган Түрк парламентинин трибунасынан АКШ бийлигине карата сын айтты. Негизи кеп Түркиянын Сирия менен чектешкен аймактарындагы террордук уюмдарга байланыштуу болуп жаткан. Эрдоган АКШ бийлигинин айткан сѳздѳрүнѳ турушун талап кылып, эгерде АКШ Сириянын Мюнбич аймагындагы террористтерге чара көрбөсө, Анкаранын чыдамы түгѳйнө тургандыгын билдирди. «Эч кандай коркутуулар, санкциялар Түркиянын Сирия боюнча багытын ѳзгѳртѳ албайт» — деди ал. Ошондой эле түрк бийлиги сириялыктардын саясий биримдигин, бүтүндүгүн сыйлайт, алардын жаӊы баш мыйзам кабыл алуусун, эркин шайлоо ѳткѳрүүсүн колдоорун айтты. Сѳзүнүн аягында Түштүк Америка окуяларына токтолуп, «Венесуэла лидерин кетиргидей ал АКШнын штаты эмес!» — деп Трамптын бул ѳлкѳнүн саясатына одоно кийлигишип жатканын сынга алды. «Президенттик шайлоого катышпаган кишини кантип ѳлкѳнүн президенти деп саноого болсун? Демократия кайда?» — деди Эрдоган.
Эске сала кетсек, буга чейин Эрдоган менен Путиндин Москвадагы жолугушуусу, Сочидеги Россия-Түркия-Иран ѳлкѳлѳрүнүн Сирия маселесин жѳнгѳ салуу боюнча сүйлѳшүүлѳрү болуп ѳткѳн. Орус бийлиги Сирия маселесинде түрктѳрдүн багытына каршылыгы жоктугун, улут коопсуздугун коргоого болгон аракеттерин колдоорун билдирген. Мындай иштин натыйжасына жетүү үчүн Эрдоган былтыркы жылы Путин менен 7 жолу бетме-бет жолугуп, 18 жолу телефон аркылуу байланышып, жалпысынан 25 жолу сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзгѳн. Мындан сырткары 6 жолу ар кандай саммиттердин алкагында формалдуу эмес жолугушуулар болгон. Ошол эле кезде АКШ тарап менен да дипломатиялык сүйлѳшүүлѳр жүргѳн. Бирок, АКШнын маселени чечүүдѳ эки анжы болгон абалы, Трамптын ойдо жок жерден жасап жиберчү чечимдери Эрдоганды жогорудагы сѳздѳрдү айтууга түрткөндөй.
Түркиянын «баш оорусу» ѳлкѳнүн Сирия менен чектеш аймактарында жайгашкан террористтердин маселеси. Күрдүстан Жумушчулар Партиясынын лидери Абдулла Ѳжалан күч алып турган мезгилде Сирия менен Түркиянын ортосунда 1998-жылы келишпестиктерди жоюу боюнча Адана шаарында келишим түзүлгѳн. Келишимде Сирия тараптан Түркиянын оппозициялык күчтѳрүнѳ колдоо кѳрсѳтпѳѳ негизги ѳзѳк болгон. Учурда Түркия жогорудагы келишимге ылайык Сириянын Түштүгүндѳгү ДАИШ жана ПКК/КЖК (PYD/YPG) террордук уюмдарын кѳзѳмѳлгѳ алып, аскердик кийлигишүүгѳ да укугу бар. Эрдогандын билдирүүсү боюнча түрк тарап биринчи кезекте улут коопсуздугун коргоону максат кылат, ошол эле кезде Сириянын мамлекет катары бирдиктүү, ѳз алдынча болушуна да кам кѳрѳт. Былтыркы жылы Сириядагы террорчуларга каршы «Зайтун бутагы» операциясы жүргүзүлүп, 4,5 миӊдей жанкечти жок кылынган. Түркия бийлиги Сирия жергесинен келген качкындарга кам кѳрүп, БУУнун эсептѳѳсү боюнча 35 миллиард доллар жардам кѳрсѳткѳн. Бул ѳлкѳнүн аймагында 4 миллиондой Сирия качкыны баш калкалап келет.
Акыркы кезде НАТОго мүчѳ болгондугуна карабай блоктун ана башында турган АКШ менен Эрдогандын мамилеси ѳзгѳрдү. Түрк бийлги алардан ФЁТО башчысы Фетуллах Гүленди экстрадициялоону тынымсыз талап кылып келет. Ѳздѳрү тетиктерин жасап берип турган F-35 учагын сатып алуудан баш тартты. АКШ Түркиянын Россиядан С-400 зениттик ракеталык комплекстерин сатып алуу келишиминен кооптонуп, ѳздѳрүнүн «Патриот» ЗРКсын 3,5 миллард долларга сунуштаса, Түркия баш тартып койду. Бирок, азырынча Түркиянын НАТОго байланышкан маселеси кѳтѳрүлѳ элек.
Ѳз позициясын ачык билдирип, геосаясий айдыӊда үн кошуп келе жаткан Түркия дүйнѳлүк аренада чебин эбак тургуза баштаган. Акыркы мезгилде Россия менен саясий, экономикалык байланыштарды бекемдеп келет. Эки ѳлкѳнүн товар жүгүртүүсү 26 миллиард долларды чапчыды. С-400 үлгүсүндѳгү 4 дивизион ЗРКны сатып алууга (алгачкы дивизион ушул жылдын күз айларында жиберилет) 2,5 миллиард долларлык келишим түзүшү, ар бири 15,5 миллиард кубометр табият газын ѳткѳрүп туруучу «Түрк агымы» эки газ куурунун деӊиз аркылуу курулушу, «Аккую» деп аталган АЭС долбоорунун 2023-жылга карата ишке ашырылышы Түркиянын энергетикалык жактан кѳз карандысыз болууга жасаган аракеттеринин бири.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз