Пятница, 20 сентября

Мээнин иштешин кантип жакшыртуу керек? Эң жөнөкөй сегиз кеңеш

0

Жаштын өтүшү менен эс тутум, мээнин логикалык ой жүгүртүү сыяктуу таанып-билүүчү функцияларынын начарлашы тууралуу көп эле угуп жүрөбүз.

Бирок капа болуунун кереги жок. Мээнин иштешин жакшыртуунун ар кандай жолдору бар.

  1. Физикалык көнүгүүлөр

Дененин үзгүлтүксүз кыймылынан улам мээ же нейрондорду байланыштырчу синапстардын көлөмү чоңойот. Мээ клеткалары кеңейип, алардын ортосунда жаңы байламталар түзүлөт. Жакшы иштеген жүрөк мээни ар дайым кычкылтек жана глюкоза менен камсыздап, токсиндерден арылтат. Эгер киши таза абада көбүрөөк болсо, эң керектүү болгон D витамини менен дагы камсыз болот.

Жаңы физикалык көнүгүүлөрдү жасоого аракет кылыңыз. Аны ар кандай жол менен аткарыңыз. Ошондо калыптанып жаткан клеткалардын туура түзүлүшүнө мүмкүнчүлүк болот.

Маселен, эгер сизге жер казган жакса, анда жакшы көргөн ишиңизди аткарып жатып, жаңы кишилер менен таанышууга мүмкүн болгондой жерден жер тилкесин тандаңыз.

Башкысы, кылган ишиңизден ырахат алыңыз. Ал көнүгүүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатат. Ошондой эле мээ үчүн дагы жакшы.

  1. Кыймыл-аракеттин жардамы менен эстеп калыңыз

Аталган ыкманын эффективдүүлүгү далилденген жана актерлор арасында кеңири тараган. Эгер кыймыл-аракеттин жардамы менен бир нерсени жаттоого аракет кылсаңыз, маалымат сиздин башыңызда жакшы сакталат.

Коомдун алдында сөз сүйлөөрдөн мурун даярдана турган болсоңуз аны кыймылдын аракети менен же бийлеп жатып кайталаңыз.

  1. Туура тамактануу менен мээге күч кубат бериңиз.

Организмге керектүү болгон канттын жана энергиянын 20 пайызы мээге кетет. Ошондой эле мээ кандагы глюкозанын деңгээлинен дагы көз каранды.

Кант нормадан ашып кеткенде мээ белги берет жана ал кишиге сезилет. Киши даамдуу тамак жегенде мээ допамин бөлүп чыгарат. Ошондуктан бизге даамдуу тамактар абдан жагат. Бирок эң жакшы эмоциялар бир гана мээге эмес, ашказанга дагы керек.

Кишинин тамак сиңирүү системасында 100 триллионго жакын микроб бар экени айтылат. Алардын тең салмакта болушу татаал нерв чынжырчасы менен байланышкан мээнин тамак сиңирүүчү бөлүгү үчүн абдан пайдалуу.

Ошондой эле ашказан ар дайым экинчи мээ катары айтылып келет. Андыктан пайдалуу жана түрлөп тамактануу ашказандагы микроорганизмдер үчүн абдан пайдалуу.

Мээнин клеткалары майдан тургандыктан, майдан так кесер баш тарткан болбойт. Жаңгакта, авокадодо, балыкта көп кездешкен май кислотасы мээнин жаңы клеткаларынын иштешине өтө маанилүү.

  1. Мээңизди дем алдырыңыз

Анча-мынча стресс дагы керек — ал биздин кооптуу учурлардан мобилизациялануубузга жардам берет. Стресс мээнин кортизол гормонун иштетип чыгуусуна көмөктөшөт. Аталган гормон кишинин ой топтоосуна чоң өбөлгө түзөт.

Бирок узакка созулган тынчсыздануу жана жогорку деңгээлдеги стресс мээ үчүн зыян. Андыктан маал-маалы менен мээнин бул бөлүгүн эс алдырып туруу маанилүү. Аталган бөлүктү эс алдыруу менен башка бөлүктү машыктыра аласыз.

Эгер тышкы дүйнөдөн алыстоо сиз үчүн кыйынчылык жаратса медитация ыкмасын колдонуп көрүңүз.

Ал стресстин гормондорунун дегээлин азайтууга жардам берет.

  1. Жаңы тапшырмаларды коюңуз

Мээни мурун аткарып көрбөгөн тапшырмалар менен толтуруңуз.

Чет тилдерин үйрөнүңүз же сүрөт тартыңыз. Мунун бардыгы мээни сергитүүгө жардам берет.

Болбосо үй-бүлөңүз же досторуңуз менен онлайн-оюндарын ойноңуз.

  1. Музыка угуңуз

Музыка мээге өзгөчө дем бере турганы калетсиз. Музыка уккан же аткарган кишинин мээси активдүү болот экен.

Гитара черткенди же пианино ойногонду билбесеңиз абдан жакшы, каалаган учурда музыка уга аласыз. Хордо ырдаңыз же билет сатып алып концертке кириңиз. Булар дагы сиз үчүн абдан пайдалуу.

  1. Экзаменге жатаар алдында даярданыңыз

Күндүз сиз жаңы бир нерсе үйрөнсөңүз же сөз жаттасаңыз, мээнин айрым клеткаларынын ортосунда нейрон байланыштары түзүлөт.

Сиз уктагандан кийин байланыш күчөп, жаттаган сөз же нерсе эсиңизде сакталып калат. Андыктан эс тутумду консолидациялоо үчүн уйку абдан маанилүү.

Эгер экзаменге даярданып жатсаңыз, уктап бара жатканда суроолордун жообун бир ирет кайталап алыңыз.

  1. Туура ойгонууну үйрөнүңүз

Уйку пайдалуу экени талашсыз. Бирок беш сааттан аз уктасаңыз ой жүгүртүүңүз начарлайт.

Ал эми он сааттан ашык уктасаңыз башыңыз дендароо абалга кептелет. Бирок бир күндүк энергияңызды калыбына келтирүү үчүн туура уктоо гана эмес, туура ойгонуу дагы маанилүү.

Негизи караңгы бөлмөдө уктап, эртең менен таңдын атышы менен тең ойгонгон жакшы. Таңкы жарык мээнин кортизолду иштеп чыгаруусун жакшыртат.

Ойгоно баштагандан тартып бөлүнүп чыккан бул гормондун санынан бир күн кечке мээңиздин иш алып баруусу көз каранды.

Булак: BBC.com

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз