Понедельник, 20 мая

Анталия 14 миллион туристти күтүүдө

0

Анталия соода өнөр жай палатасынын иликтөөсүнө караганда быйыл Түркиянын
түштүк аймагы туристтердин агымына дуушар болот. Анталия соода өнөр жай палатасынын (АТSO) жетекчиси Давут Четин Анталиянын курорттору 2019-жылы 15 миллионго жакын чет элдик туристти кабыл алууга даяр деп билдирди. Анын айтуусунда ATSOнун иликтөөсү 1081 туристтик компаниянын изилдөөсүнүн жыйынтыгына таянат. Давут Четин 2018-жыл Түркиянын түштүк аймагындагы туристтик жайлар үчүн рекорддук жылдардын бири болгонун белгилеп, бул тенденция ушул жылы да өз көрсөткүчүн сактап калууга мүмкүнчүлүгү бар экендигин айтты. Мындан сырткары Давут Четин Анталиянын борборундагы эски мейманканаларды кайрадан жасалгалоодо Анталия соода өнөр жай палатасы тарабынан мейманкана ээлерине колдоо көрсөтүлөөрүн билдирди.


KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз