Четверг, 19 сентября

Голливуд агенттиги Сауд Аравия менен кызматташтыктан баш тартты

0

Мындай мамиле белгилүү оппозициялык журналист Жамал Кашыкчынын ырайымсыздык менен өлтүрүлүшүнө байланыштуу болууда.

АКШнын алдыңкы актердук агенттиктеринин бири – Endeavor Сауд Аравиянын өкмөтүнө 400 миллион доллар инвестицияны  оппозициялык журналист Жамал Кашыкчынын өлтүрүлүшүнө каршылык көрсөтүп, бул өлкөнүн өкмөтүнө кайтарып берди. Бул тууралуу New York Times гезити кырдаал тууралуу кабары бар булакка шилтеме берип жазды. Маалыматка ылайык,келишимге 2018-жылы жазында кол коюлган. Компаниянын жетекчиси Ариель Эмануэль мындан тышкары саудиялык бийлик тарабынан өч алуу болушунан чочулап, өзүнүн жансакчыларынын санын көбөйткөн. Маалыматка ылайык,  Endeavor королдук менен баардык мурда түзүлгөн келишимдерди расмий түрдө жокко чыгарды. Washington Post менен жигердүү кызматташкан белгилүү саудиялык журналист Жамал Кашыкчы 2018-жылы 2-октябрда Сауд Аравиянын Стамбулдагы башкы консулдугунда өлтүрүлгөн. Түркиянын Башкы прокуратурасы иликтөөлөрдүн жыйынтыгында журналист атайын алдын ала пландаштырылган кылмыштын курмандыгы болгондугу тууралуу тыянакка келген. Кашыкчы дипломатиялык миссиянын имаратына киргенде эле муунтулган. Андан соң денеси кескиленип, жок кылынган. Түркия Стамбулда Кашыкчынын иши боюнча соттук иликтөө жүргүзүүнү талап кылууда жана Эр-Риядды журналисттин өлүмүнө катыштыгы бар адамдарды өткөрүп берүүгө чакырууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз