Четверг, 19 сентября

Орусия Европага газды рубль менен сата баштады

0

Орусия Европага газды рубль менен сата баштады
“Газпромдун” экспорт бөлүмү Батыш Европаөлкөлөрүнө рубль менен алгачкы жаратылыш газы сатылгандыгын, мындай соода электрондук платформа аркылуу аркылуу ишке ашырылгандыгын билдирди.
“Газпром Exportтун” башкы директору Елена Бурмистрова : “Рубль менен жүргүзүлгөн сатуу бир гана соодалык эмес, ошол эле учурда символдук түрдө даөзгөчө мааниге ээ болууда»,- деди.
“Газпром Exportтун” тарыхында Батыш Европага рубль менен биринчи жолу жаратылыш газын саткандыгын баса белгилеген Бурмистрова : «Рубль менен жаратылыш газын сатууну мындан ары да уланта бермекчибиз”,- деди.
Электрондук сатуу платформасы европалык керектөөчүлөргө азыркы учурдагы келишимдер менен бирге кошумча катары жаратылыш газдын сатылышына мүмкүнчүлүк түзүүдө.
АКШ жана батыштык көп сандаган өлкөлөр салган санкциялардан улам Орусия бийлиги өлкөнүн экономикасында доллардын колдонулушун азайтууга аракет кылууда.
Орусиянын экономикалык өнүгүү министри Максим Орешкин Орусиянын финансы министрлиги жана Орусия Борбордук банкы менен өлкөнүн экономикасынын “долларсыздаштырылышы” үчүн бир нече кадамдардын ташталарын жарыялаган.
Орусиянын Борбордук банкы жарыялаган отчетто 2018 — жылдын экинчи чейрегинде банктын 100 миллиард долларлык резервин юан жана еврого которгондугу белгиленген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз