Четверг, 19 сентября

Бишкекте 70тен ашык өспүрүм курактагы кайырчылар аныкталды

0

Бишкекте 70тен ашык өспүрүм курактагы кайырчылар аныкталды
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн «Беспризорник» деп аталган рейддин жүрүшүндө кайырчылык менен алектенген 72 өсүрүм курактагы балдар кармалды. Бул рейд күнү түнү өткөрүлүп, 287 милиция кызматкери катышты жана алар өспүрүм курактагылар көп топтолгон 177 жайды текшеришкен. Милиция кызматкерлери негизинен кафе, клуб жана барларды текшеришип, кайырчылык менен алектенген өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Аныкталган 72 өспүрүм курактагы балдардын төртөөсү интернатка, дагы төртөөсү социалдык борборлор менен камкорчулук жайларга жеткирилип, 29 РИИБлерге, калган 35и ИИМдин атайын мекемелерине жеткирилген. Мындан тышкары 13 бала мектепте окубагандыгы, үч бала иштей тургандыгы аныкталды. Рейддин жүрүшүндө алты кылмыш ишинин бети ачылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз