Четверг, 19 сентября

Г. Каримова түрмөдө өз өмүрүн кыйдыбы?

0

Г. Каримова түрмөдө өз өмүрүн кыйдыбы?
Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримованын түрмөдө өз өмүрүн кыйгандыгы тууралуу маалыматты төгүндөдү.
Өзбек тилдүү маалымат агенттиктеринин бири 7-мартта чогуу отурган тарабынан болгон кордоого чыдай албай, өз өмүрүн кыйгандыгын жазган.
Бирок Башкы прокуратуранын маалымат кызматы бул кабарды жокко чыгарды. “Эч кандай суицид же суцид аракети, болгондо да өз өмүрүн кыюу болгон жок. Гүлнара Каримова азыр белгиленген тартип боюнча жазасын өтөөдө. Бул анын тегерегиндеги кезектеги чуулгандуу калп болуп саналат «, — деп айтылат ведомствонун маалымат кызматынын билдирүүсүндө.
Мурда Өзбекстандын туңгуч президентинин улуу кызынын жалпы режимдеги түрмөгө кайтарылгандыгы боюнча маалымат айтылган. Г. Каримова мындан мурда Ташкенттеги квартирасында кызы Иман менен чогуу жашап, жаза мөөнөтүн өтөп келген. Бирок “абакта болуунун тартибин көп ирет бузгандыгы” жана “өз алдынча көчөгө чыгып кетүү жана интернетке кирүү” сыяктуу абак тартибине ылайыксыз жүрүш-турушу үчүн аны үй камагынан жалпы режимдеги колонияга которушкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз