Четверг, 19 сентября

Дүйшөмбү менен Ташкент аскердик техника өндүрүшүн биргелешип курууга ниеттенүүдө

0

Дүйшөмбү менен Ташкент аскердик техника өндүрүшүн биргелешип курууга ниеттенүүдө
Тажикстан парламентинин Төмөнкү палатасы 6-мартта өткөн жылы августта Ташкент менен Дүйшөмбүнүн ортосунда кол коюлган аскердик-техникалык кызматташтык тууралуу макулдашууну ратификациялады. Бул тууралуу CA-NEWS агенттиги билдирди.
Бул маселе боюнча сөз сүйлөгөн Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги, коргоо министринин биринчи орун басары генерал-лейтенант Эмомали Собирзода аталган макулдашууну ишке ашыруунун алкагында эки кошуна мамлекеттер курал-жарак жана аскердик техникаларды чыгаруучу өндүрүштү кура ала тургандыгын билдирди.
Мындан тышкары макулдашууда аскердик жабдыктарды биргелешип оңдоо, реконструкциялоо, аскердик делегациялардын ишмердүүлүгүн жана маалыматтарды алмашуу сыяктуу иш чараларды жүргүзө алышат.
Эки мамлекеттин чек арасын минадан тазалоо маселесине кайрылган Собирзода бул иштер жалаң Өзбекстандын күчү жана каражаты менен гана жүргүзүлө тургандыгын айтты.
“Алар бул иште биздин жардамыбыздан баш тартышты, анткени минадан тазалоо кошуна мамлекеттин аймагында гана ишке ашырылат”,- деди генерал-лейтенант.
“АП” агенттигине берген маегинде Эмомали Собирзода бүгүн эки өлкөнүн коргонуу ведомстволорунун кызматташтыгында кандайдыр-бир көйгөйлөр жок экендигин билдирди.
“Биз өзбек кесиптештерибиз менен дайыма байланышып турабыз, жакынкы мезгилде Тажикстан менен Өзбекстандын куралдуу күчтөрүнүн кезектеги биргелешкен машыгууларын өткөрөбүз”,- деди ал.
Тажикстан менен Өзбекстандын солдаттары менен офицерлеринин биринчи террорчулукка каршы машыгуулары өткөн жылы сентябрда Согди облусунун “Чорухдайрон” аскердик-окуу полигонунда өткөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз