Четверг, 19 сентября

Улуттук филармония 11 млн. сомго тендер жарыялады

0

Улуттук филармония 11 млн. сомго тендер жарыялады
Мамлекеттик сатып алуулар кызматынын порталына Улуттук филармония 11 млн. 694 миң сомго тендер жарыялагандыгы тууралуу маалымат жайгаштырылды. Алдын ала сайттагы билдирүүгө ылайык, бул каражатка Филармония адамдарды жана жүктү ташуучу лифт сатып алмакчы. Тендерде ошондой эле өнөржай кондиционерин да сатып алуу көрсөтүлгөн. Сатып алуу ыкмасы бир этаптан туруп, арыздар 2019-жылдын 29-мартына чейин кабыл алынат. Мындан тышкары Филармония өзүнүн имаратын оңдоо боюнча да бир нече тендер жарыялаган. Дагы бир ири тендер 4 млн. 460 сомого жарыяланып, бул сумма көрүүчүлөр залы менен паркет полду оңдоого жумшалмакчы. Ага арыз берүү мөөнөтү 2019-жылдын 28-мартына чейин бир этапта жүргүзүлөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз