Бишкекте акча талап кылган эки милиционер кармалды
ИИМдин ички иликтөө кызматы жана УКМКнын Тергөө башкармалыгынын биргелешип жүргүзгөн ыкчам иш аракетинин натыйжасында эки милиция кызматкери акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Милиция кызматкерлери 7-мартта саат 23:40 чамасында Бишкек шаарынын темир жол вокзалынын айланасында кармалышкан.
Ыкчам иш чара Б. аттуу аялдын арызынын негизинде жүргүзүлгөн. Ал Ленин РИИБнин тергөөчүсү агасына карата кылмыш ишин токтотуп коюу үчүн 300 АКШ долларын талап кылгандыгын билдирген.
Сотко чейинки териштирүү жана ИИМ менен УКМКнын тиешелүү кызматтарынын биргелешип жүргүзгөн иш чарасынын натыйжасында талап кылынган сумманы алып жаткан учурда Ленин РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын кичи лейтенанты М. О. жана ошол эле бөлүмдүн тергөөчүсү, милициянын лейтенанты А. Б.лар кармалышкан.
Кармалгандардын бири УКМКнын СИЗОсуна камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.