Четверг, 19 сентября

Түркия кутурмага каршы дары жасады

0

Түркия кутурмага каршы дары жасады
Түркиянын Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, Эскишехирде өлкөнүн алдыңкы ишкер айымдарынан турган «40 периште инвестор» курган ALBİLA Суюктук, биологиялык өндүрүмдөр өнөр жай жана соода акционердик коомунун комплексин кыдырып чыкты.
Варанк өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө комплексте Эскишехир шаарындагы Османгази университетинин так илимдер-адабият факультетинин биология бөлүмүнүн окутуучусу доц.др. Фиген Чалышкан өнүктүргөн чаян жана жылан чакканынан ууланууларга каршы өнүктүрүлгөн иммундук суюктуктарга инвестиция салынганын айтты.
Комплексте чаян жана жылан чаккантучурда ууланууларга каршы антисуюктук өндүрүлгөнүн билдирген Варанк: «Буюрса, быйыл жылдын акырында Түркиянын алгачкы кутурмага каршы иммундук суюктугу ALBİLA өндүрөт. Бул аркылуу Түркиянын он миллиондогон доллардык импортун токтоткон болобуз»,-деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз