Четверг, 19 сентября

Германияда FETÖнун House of One деп аталган долбоору токтотулду

0

Германияда FETÖнун House of One деп аталган долбоору токтотулду
Бул долбоордун басы 43,5 млн. еврого бааланган болчу.
Германияда Берлиндеги иудейлерди, христиандарды жана мусулмандарды бир үйдүн чатырына топтоону көздөгөн House of One («Бирдиктүү үй») долбоорун ишке ашыруу токтотулду.
Немис маалымат каражаттарынын билдирүүсүндө, Берлиндеги Петри аянтында өзүнө чиркөөнү, мечитти жана синагоганы бириктирген бир храм куруу пландаштырылган. Бирок жердин ээси Кэтрин Дюссманн House of One долбоорунун катышуучуларынын бири 2016-жылы 15-июлда Түркияда төңкөрүш жасоо аракетин көргөн террордук уюмдун (FETÖ) жетекчиси Фетхуллах Гүлен экендигин билген соң долбоордон чыгууну чечкен.
“Мен диндер аралык диалогду жана ынтымакты калыптандыруунун ордуна жаңы карама-каршылыкка жол салган долбоорду колдой албаймын”, — деди Дюссманн айым.
Berliner Zeitung газетасы Дюссманн бул долбоорго эң оболу Берлинге диалог үчүн мейкиндик керек болгондугунан гана катышууга макулдугун бергендигин жазды.
Анткен менен бул долбоор мусулман жамааты жана диний топтор тарабынан колдоо тапкан эмес. “Ошондуктан Гүлендин жасалма тобунун” катышуусу тынчсызданууну жараткандыгын жазган аталган басылма.
Долбоордун баасы 43,5 миллион еврону түзөт. Бүгүнкү күндө храмдын курулушуна 8,5 миллон евро чогултулду. Ошондой эле федералдык өкмөт да долбоорго каржылык көрсөтүүсү күтүлүп аткан.
Гүлендин тарапташтары болгон Түркиянын куралдуу күчтөрүндөгү топ 2016-жылы 15-июлдан 16на караган түнү өлкөдөгү бийликти куралдуу төңкөрүш менен басып алуу аракетин жасаган. Хунтанын бул аракети өлкө жетекчилигинин жана укук коргоо органдарынын кескин каршылыгы, ошондой эле катардагы жарандардын аракети менен ошол замат ооздукталган. Анда 251 адам каза болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз