Воскресенье, 19 мая

Мадуро Венесуэлада энергетиканын үзгүлтүккө учурашы үчүн АКШны айыптады

0

Мадуро Венесуэлада энергетиканын үзгүлтүккө учурашы үчүн АКШны айыптады
Венесуэланын президенит Николас Мадуро АКШны өлкөнүн энергетика тармагындагы саботаж үчүн АКШны айыптады.
“Электр энергиясы менен камсыз кылуудагы 70% көйгөйдү калыбына келтирдик. Бирок Венесуеланын энергосистемасынын объектилерине АКШнын гана карамагында болгон жогорку технологияны колдонуу менен кезектеги чабуул жасалган”- деди Мадуро өлкөдөгү бийликти жүргүзгөн Бирдиктүү социалисттик партиянын (PSUV) Каракастагы митингинде чыгып сүйлөгөн сөзүндө.
Акыркы күндөрү өлкөдө күтүүсүздөн жаралган электр тармагындагы үзгүлтүк тууралуу түшүндүрмө берип, мамлекет башчысы эң ири “Гури” ГРЭСиндеги авария киберчабуулга кабылгандыгын жана анын артында Вашингтон тургандыгын айтты.
7-марттан тартып Венесуеланын 23 провинциясынын 22синде электр энергиясы үзгүлтүккө учуроодо.
Ошол эле учурда оппозиция өкүлдөрү бийликти өлкөнүн энергосистема тармагы артта калгандыгы үчүн айыптоодо.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз