«Сот системасы таза иштегенде гана өлкөдө акыйкаттык орноп, элдин бийликке карата ишеними бекемделет», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-мартта, Бишкекте өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын судьяларынын XI курултайында.
Төмөндө Мамлекет башчысынын сөзү толугу менен берилет:
«Урматтуу Кыргыз Республикасынын судьяларынын он биринчи курултайынын катышуучулары!
Бүгүнкү өтүп жаткан курултай сот системасы үчүн эле эмес, жалпы өлкөбүз үчүн өтө маанилүү окуя.
Анткени, адилеттүү, көз карандысыз сот системасын орнотпой туруп, өнүккөн мамлекетти куруу мүмкүн эмес экенин өзүбүздүн тажрыйбабыз көрсөттү.
Сот системасы таза иштегенде гана өлкөдө акыйкаттык орноп, элдин бийликке карата ишеними бекемделет.
Өзүбүздүн жарандардын, чет элдик өнөктөштөрдүн, инвесторлордун бийликке болгон мамилеси, биринчи кезекте, сотторго жана укук коргоо органдарына байланыштуу.
Өлкөбүздө жүрүп жаткан олуттуу реформаларды ишке ашыруу — сот системасынын адилеттүүлүгүн камсыз кылууга барып такалды.
Бир катар жакшы демилгелер соттордун адилетсиздигинен улам токтоп калган учурлар бар.
Коомчулук, албетте, мындай кырдаалды кескин өзгөртүүнү катуу талап кылат, талап кылууда.
Ошондуктан соттук-укуктук реформаны чечкиндүү ишке ашырабыз.
1-январдан баштап жаӊы кодекстердин жана мыйзамдардын нормалары менен жашай баштадык.
Эскиче жашоону каалагандардын каршылыгы, саботаж кылгандар да болбой койгон жок.
Азыр да өлкөбүздүн жаңы укуктук мейкиндикке өтүү процесси айрым тоскоолдуктар менен коштолуп келет.
Бүгүнкү курултайда бардык инстанциялардын судьялары катышып олтурасыздар.
Сиздерге эл тарабынан өзгөчө жоопкерчилик артылган.
Жаңы мыйзамдарда судьялардын укуктары абдан кеңейтилди.
Эми сиздер — тергөөчү, прокурор, адвокаттардан мыйзамдын так жана бирдиктүү аткарылышын талап кылууну күчөтүүӊөр зарыл.
Реформаны ишке ашырууну кечеңдетүүгө соттор себепкер болбошу керек экенин дагы бир жолу эскерте кетейин.
Бизде башка жол жок, алган багытыбыздан тайбайбыз, баштаган реформаны аягына чыгарабыз.
Кандай гана реформа болбосун, кыйынчылык менен ишке ашат.
Биз мындай оор реформаны алгачкы ирет ишке ашырып жатабыз.
Албетте, оош-кыйыштар, айрым кемчиликтер болбой койбойт. Аларга жол бербеш үчүн туура чечимдер кабыл алынышы керек.
Карама-каршылыктарды жоё билип, мыйзамдарды туура пайдаланып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.
Көп иштер мыйзамдарды өзгөртүү аркылуу эмес, уюштуруу жана түшүндүрүү иштерин туура жүргүзүү аркылуу чечилет.
Жогорку соттон Кодекстерди, мыйзамдарды пайдаланууда келип чыккан маселелерди создуктурбай, ыкчамдатып чечүүнү өтүнөм.
Реформаны ишке киргизүү үчүн зарыл болгон уюштуруу иштеринин начардыгынан маселелер көбөйүп кетишине жол берүүгө болбойт.
Кандайдыр бир маселе чыкса, соттор, прокурорлор, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын адистери кодекстерди иштеп чыккан эксперттер менен биргелешип ыкчам чечиш керек.
Ар ким өз көмөчүнө күл тартпай, баарыңыздар бир багытта иштегиле.
Жогорку Кеңеш, Өкмөт азыр коомчулуктун пикирин эске алып, мыйзамдарды жакшыртуу боюнча иш алып барууда. Бул иш уланышы керек.
Урматтуу депутаттар, өкмөт мүчөлөрү!
Соттук-укуктук реформанын максаты — бул сотторду гана эле эмес, бүтүндөй укук коргоо системасын реформалоо.
Себеби сот адилеттигинин сапаты — күч органдарынын ишинен абдан көз каранды.
Адам укуктарын сактоо үчүн укук коргоо органдарынын иши бүгүнкү турмушка ылайык түп тамырынан бери кайрадан түзүлүшү керек.
Аталган реформалар соттордун гана иши эмес, бул жалпы мамлекеттик иш.
Жогорку Кеңеш да, Өкмөт да, коомчулук да бул процессти колдоодо. Өкмөт бул реформаны ишке ашырууну ыкчамдатышы зарыл.
Сот системасын каржылоо жана материалдык-техникалык базасын чыңдоого буга чейин да тийиштүү чаралар көрүлүп келген жана мындай колдоо уланат.
Сот тутумуна республикалык бюджеттен акча каражатынын бөлүнүшү жылдан жылга көбөйүп жатат.
2018-жылга карата — 1 млрд 555 млн 958 миң 200 сом бөлүнүп, бул 2017-жылга салыштырмалуу 14,4 пайызга көп.
Ал эми 2019-жылга карата — 2 млрд 154 млн 617 миң 100 сом бюджет каралды, 2018-жылга салыштырмалуу бюджеттин өсүшү 38,5 пайызды түзөт.
2018-жылы май айында Сот реформасы боюнча кеңешининин жыйынында «Реформа жасоо үчүн эмне керек?» деген суроомо, сот системасынын өкүлү «Саясий эрк жана акча каражаты» деген.
Саясий эрк бар. Каражат да бар.
Өлкөдөгү башка муктаждыктарга карабастан, сот системасына каражат жетиштүү бөлүнүүдө.
Мугалимдер, медиктер, дагы башка айлык акыга муктаж тармактар бар.
Алардын айлыгы качан гана экономика өскөндө жана сот бийлиги чыныгы адилет сот бийлиги боло алганда көбөйөт. Баары бири-бири менен тыгыз байланышта.
Ошол жагдайды эске алып, сот системасын биз приоритеттүү багыт кылып отурабыз.
Бирок, силерден ошого жараша кайтарым болбой жатат.
Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, урматтуу мекендештериме, жалпы элге, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө да кайрылып кетүү зарыл болуп турат.
Соттук-укуктук чөйрөнү жаңылоо — өлкөнү өнүктүрүүнүн ажырагыс бөлүгү.
Азыр сот системасын элдин суроо-талаптарына шайкеш келтирүү аракети жүрүүдө.
Жазык багытындагы жаңы нормалар иштей баштап, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо багытында жаңы тепкичке чыктык.
1-январдан тартып тергөө судьясынын институту, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри, пробация институту иштөөдө.
Эгерде биздин элибиз укуктук жактан канчалык сабаттуу болуп, өзгөрүүлөрдү жетиштүү деңгээлде колдосо, реформаны жүргүзүү ошончолук жеңил болот.
Урматтуу судьялар!
Бүгүнкү курултайда жаңы укуктук мейкиндикте соттордун иштөө багыттарын аныктайсыздар.
Ошого байланыштуу келечекте аткара турган милдеттерди, артыкчылыктуу багыттарды белгилей кетейин.
Биринчи, бул албетте сот органдарында мыйзамдын үстөмдүүлүгүн камсыз кылуу жана коррупцияга каршы күрөшүү.
Учурдагы сот системасында мурдагыдай эле сот катачылыктары, мыйзамдарды жана судьянын этикасын бузуу фактылары кездешүүдө.
Мен силердин баарыӊарды жаман дегенден алысмын, бирок «бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендей, силердин катарыңарда «сот» деген ардактуу наамды алып жүргөнгө татыктуу эмес кызматкерлер аз эмес.
Аларга коомчулук, жарандар нааразы. Мыйзамдуулукту коргой турган бийлик бутагынын өкүлдөрү мыйзамсыз кадамдарга барып жатканы, албетте, өкүнүчтүү.
Мисал катары, бүтүндөй сот системасынын аброюна көлөкө түшүргөн акыркы фактыларды айтсак болот.
Кээ бир судьялардын өз кызыкчылыктарын көздөп, кылмышкерлердин ишинин оордугуна көз жумуп, алардын жоопкерчилигин жеңилдетип, кылмыш аракеттерин бурмалаган учурлар кездешет.
Айрым судьялар тарабынан чет өлкөлүк жарандардын кыймылсыз мүлк объектилерин тартып алууга багытталган чечимдер чыккан.
Мындан сырткары, кээ бир судьялар тарабынан баңги заттарына байланышкан жазык иштерин кароодо мыйзамдын одоно бузулушуна жол берилген.
Тактап айтсам, Ош облусунун айрым судьялары 14 килограмм «гашиш» баңги заты менен кармалган чет өлкөлүк кылмышкердин аракетин жеңилдетип, ага карата мунапыс берген.
Кийин, прокуратуранын каршы сунушунун негизинде соттук инстанциялардын өкүмдөрү жокко чыгарылып, кылмыш иши жаңыдан каралууда.
Бүгүнкү күндө аталган жагдай боюнча судьяларга карата кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
Мындан сырткары, жакында эле ушундай кылмыш иштерин караган судьялыкка талапкерди Сотторду тандоо кеңешине кайра кайтардым.
Ал өз убагында 27 килограмм героин жана 5 килограмм гашиш баңги заттары менен кармалып соттолгон адамдын кылмыш ишин бузуп, аны негизсиз кайра кароого райондук сотко жөнөтүп салган.
Муну кандай түшүнсө болот?
Баңгилик — бул бир гана Кыргызстан эмес, бүтүндөй дүйнө калкынын көйгөйү.
Баңги зат менен байланышкан кылмыштар — булар оор кылмыштар.
Улуттун саламаттыгына, келечегине чоң коркунуч жараткан кылмыштар.
Ошондуктан, жогорудагыдай чечимди кабыл алган соттор — булар улут кызыкчылыгына каршы деп бааласак болот.
Дагы бир кейиштүү нерсе — биздин соттордо көптөгөн иштер узак мезгил бою, кээ бир учурларда жылдар бою каралаары баарыбызга белгилүү. Менин дарегиме иштердин кароо мөөнөтүн создуктуруу жөнүндө көптөгөн кайрылуулар келип түшүүдө.
Судьялар соттук талаш-тартыштарды кароону создуктуруу менен ашыкча бюрократияга жана соттук кыңыр иштерге өздөрү жол берүүдө.
Мисалы, 2018-жылдын декабрь айында болуп өткөн соттук реформа боюнча кеңештин 2-жыйналышында да сот процесстеринин жүйөөсүз созулушу жөнүндө соттук иштерди айтып келгем.
Анда мага кайрылган бир жарандын катардагы иши 2013-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин созулуп келген.
Жогорку сот тарабынан 4 ирет каралып, негизинен чечим чыкпай, улам кайра кароого жөнөтүлө берген.
Дагы бир мисал, бир адамды атып, майып кылган кылмышкер тууралуу жазык ишин алалы. Азыр алардын атын-жөнүн айтпай эле турайын.
Бул жазык иши 2005-жылы козголгон. Ошондон бери Жогорку сот тарабынан көзөмөл тартибинде 7 жолу каралган.
Бул жети жолу кароонун жыйынтыгында Жогорку сот жергиликтүү сотторго жоопкерчиликти жүктөп, биротоло чечим кабыл алган эмес.
Дагы бир кайрылуу, 8 жылдан бери бүтпөй келе жаткан соттук иш тууралуу арыз келип түшкөн.
Бул 2011-жылы козголгон жазык иш экен. Бүгүнкү күнгө чейин Жогорку сот тарабынан бул иш боюнча жергиликтүү соттордун кабыл алган чечимдери эки жолу жокко чыгарылып, ал жаңы кароого жөнөтүлүптүр.
Бирок азыркы күндө ал иш боюнча акыркы чечим чыга элек.
Аталган иш кайра эле Жогорку сотто каралышы толук мүмкүн.
Жогорку сот ишти ушинтип кайра кайра карай берген учурлар абдан көп.
Бул жерде адам тагдыры болуп жаткан соң, чечим кабыл алынышы керек деп эсептейм.
Келечекте Жогорку сот системадагы реформаларды улантып, өз ишмердигине жергиликтүү соттордой эле иштерди карабастан, өзүнүн негизги вазыйпасы катары соттук тажрыйбаны жалпылоо жана Пленумдун ишин күчөтүү деп тааныш керек.
Адилетсиз чечим чыгарган фактылар байма-бай кездешип келген.
2016-2018-жылдар аралыгында мыйзамды бузгандыгы үчүн 10 судья кызматынан бошотулуп, 26 судья тартип жоопкерчилигине тартылган.
10 судья боюнча Судьялар кеңеши же тартип комиссиясы тарабынан аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга Башкы прокуратурасына макулдук берилген.
Соттун мыйзамсыз чечимдери элдин тагдырына, жалпы өлкөбүздүн өнүгүүсүнө, келечек муундун коопсуздугуна терс таасирин тийгизет.
Биз мындай көрүнүштөргө чекит коюшубуз керек.
Заман, мезгил өзгөргөн. Муну, урматтуу сот бийлигинин өкүлдөрү, терең түшүнүшүңөр керек.
Бизде коом ачык. «Кыңыр иш кырк жылда билинет» десек, азыр кыңыр иш бир заматта билинет.
Экинчи, сот системасында кадр саясаты азырынча жакшы жолго коюла элек.
Кадрдык потенциал жогорку деңгээлде болууга тийиш.
Мындан ары судьялык кызмат орундарга талапкерлерди тандоонун сапаты жогорулатууга жатат.
Сот системасына сабатсыз жана таза эмес адамдардын дайындалышына бөгөт коюу максатында тандап алуу тартибин катаалдаштыруу керек деп эсептейм.
2018-жылы Судьяларды тандоо кеңеши менин атыма Жогорку соттун, анын Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 88 талапкер боюнча сунуштарын жиберген.
Алардын ичинен 32 талапкерди кайра кайтардым.
Демек, талапкерлерди тандоодо Судьяларды тандоо кеңеши коюлган талаптарды сактабай, соттордун кесипкөйлүгүнө эмес, башка критерийлерге басым жасаган десек болот.
Урматтуу Тандоо кеңешинин мүчөлөрү!
Сиздер сотторду гана тандап жаткан жоксуңар. Сиздердин тандооңор канча деген адам тагдырларына, бүтүндөй мамлекеттин тагдырына таасир этерин унутпагыла.
Үчүнчү, бул жарандардын кеңири катмарына сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.
Соттордун ишин санариптештирүү буга чоң өбөлгө болот.
Санариптештирүү — жарандардын укуктарын коргоонун жана соттордун ишинин натыйжалуулугунун синоними боло баштады.
Анткени, санариптик технологияларды пайдалануу жарандардын конституциялык укуктарын мурдагыдан алда канча натыйжалуу коргоо үчүн оңтойлуу шарттарды түзүп, жемкорлукту азайтат.
Бардык жарандардын, өзгөчө калктын аярлуу катмары үчүн сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн жакшыртат.
Санариптештирүү — демек, кагазы жок документ жүгүртүү.
Азыр бардык иштер — сот өндүрүшү, документ жүгүртүү, кат алмашуу — кагаз жүзүндө жүргүзүлүп, аларды көбөйтүп басуу үчүн тонналаган кагаз сарпталууда.
Соттордун архиви кагаз түрүндө. Керектүү кагазды табуу үчүн бир нече күн убакыт сарпталат.
Иштерди кароо да кагаз түрүндө гана жүрөт. Каттоо кызматына мүлктү камакка алуу жөнүндө, же Ички иштер министрлигине күбөлөрдүн сот процессине келишин камсыз кылуу жөнүндө суроо-талаптардын баары кагаз жүзүндө даярдалат.
Кээде кат алмашуулар жарым жылдап жүрөт. Демек, сот процесстери да жылдап жүрүп, мөөнөттөрү бузулат.
Мунун баарын электрондук форматта жасоонун эч кандай татаалдыгы жок.
Санариптештирүүнү тездетүү үчүн биринчи кезекте судьялар өзгөрүшү абзел.
Биздин судьялардын көпчүлүгү компьютерде иштегиси келбейт, кагаз-калемге көнүп калышкан.
Илгерки замандагы адаты менен жардамчыларын, катчыларын жаздырышат.
Мезгил талабына ылайык бизге «санариптик судьялар» керек.
Компьютердик сабат — судьялардын кесиптик компетенттүүлүгүнүн зарыл бөлүгү болуп калышы зарыл.
Бул тез арада жасала турган иш, биз кечигип жатабыз. Сот системасынын жетекчилиги өздөрү үлгү көрсөтүп, судьялардын бардык ишмердиги электрондук форматка өткөрүлөт деп ишенем.
Убакыт аз. Иштерди электрондук форматта кароону киргизүү мөөнөтү көпкө созулбашы керек.
Мисалга, Казакстанда жарандык доо арыздардын 91 пайызы электрондук форматта.
Соттордун бардыгын видеобайланыш системалары менен камсыз кылуу зарыл, бул сот адилеттигин аралыктан жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк ачат.
Сот жыйналыштарын онлайн көрсөтүү судьялардын адилеттүү чечимдерди чыгарышына жол ачат.
Бул сот бийлигине жарандардын ишенимин арттырат.
Соттун автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке киргизүү менен сот актыларынын мамлекеттик реестри түзүлөт.
Ага бардык санариптештирилген архивдер киргизилет.
Ушул жана башка практикалык чаралар, алардын ишке ашырылышы 2019-2023-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүүнүн программасына түздөн-түз байланышкан.
Өкмөт менен Судьялар кенеши бул прорамманы өтө создуктуруп жиберди.
Өкмөт аталган программаны жеткире иштеп чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна тезинен киргизүүсү абзел.
Төртүнчү, жазык сот адилеттигин жүргүзүүнүн жаңы тартиби жана эрежелери ишке киргизилиши керек.
Аларда соттордун жаңы компетенциясы, анын ичинде сот өндүрүшүнүн жаңы жөнөкөйлөтүлгөн тартиби каралган.
Сотко чейинки да, соттук да териштирүүлөрдүн жүрүшүндө судьялардын ыйгарым укуктарынын жана соттук контролдоонун алкагы кеңейтилүүдө.
Мында тергөө судьяларынын институту киргизилди, эми сотко чейинки өндүрүштү контролдоодо соттордун орду жогорулады.
Тергөө көрсөтмөлөрүн тастыктоо, силерче айтканда, депонирлөө жана күбөлөрдү аралыкта сурак жүргүзүү түшүнүктөрү киргизилип, бул жагдай мындан ары соттук отурумдарды негизсиз жылдырылышына жана иштердин кароосунун создуктурулушуна бөгөт коюуга өбөлгө түзөт.
Аны менен катар андан ары сот түзүлүшүн өркүндөтүү керек.
Мында административдик юстициянын эффективдүү системасы жөнүндө маселе турат.
Райондор аралык сотторду кайра уюштуруу менен ал соттордун базасында административдик сотторду түзүү мүмкүндүгүн ишке ашыруу зарыл.
Сот арачыларын түзүү маселесине да токтоло кетейин.
Бул соттор жөнүндө мыйзам 2009-жылы эле кабыл алынган, бирок аны ишке ашыруу Өкмөттүн эсеби боюнча олуттуу каражаттарды издеп табууну талап кылат.
Ушундан улам өкмөттүн сунушу менен парламент аны аткаруу мөөнөтүн башында 2015-жылга чейин, андан соң 2020-жылга чейин жылдырган.
Азыркы күндө да мамлекеттик органдарда муну ишке ашыра алабыз деген бекем ишеним жок.
Ушуну эске алып, жагдайды дыкаттык менен анализдеп, оптималдуу вариантын табуу үчүн укук таануучулардын жана башка адистердин катышуусу менен жумушчу топ түзүү туура болот деген пикирдемин.
Бешинчи, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана анын пленумунун компетенциясында толугу менен турган сот тажрыйбасынын бир түрдүүлүгүнө жетишүү.
Бирдиктүү сот тажрыйбасы болушу керек.
Ушуга байланыштуу сот тажрыйбасын түзүү жана мыйзамдарга түшүнүк берүүнүн бир түрдүүлүгүн камсыз кылуу Жогорку соттун артыкчылык милдеттеринин бири.
Өзгөчө жаӊы кодекстерди жана мыйзамдарды бир түрдүү колдонуу үчүн бул иш өтө маанилүү.
Бул милдетти аткаруу үчүн өлкөнүн судьялык корпусунун кесипкөйлүгүн жогорулатуу абзел.
Алтынчы, өлкөдө жагымдуу инвестициялык климатты бекемдөө зарыл.
Анткени, бул мамлекетибиздин экономикалык саясатынын эң маанилүү маселелеринин бири.
Инвестициялык жагымдуулук көптөгөн факторлордон көз каранды экендигин билесиңер.
Алардын негизгилеринин бири — бул кынтыксыз жана натыйжалуу улуттук сот системасы экендиги шексиз.
Көз карандысыз жана адилеттүү сот — ар бир мамлекеттин ишмердүүлүгүнүн өзөгү.
Мунсуз бир дагы өлкө ийгиликтүү өнүгө албайт, жагымдуу инвестициялык климат болбойт.
Ошондуктан, өлкөдө жагымдуу инвестициялык климатты түзүү, инвесторлордун мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында экономикалык мүнөздөгү иштерди кароодо соттордон адилет, кесипкөй мамиле талап кылынат.
Урматтуу судьялар!
Бүгүнкү курултайда коррупцияга каршы күрөш, судьялардын этикалык жүрүм-туруму, жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча көйгөйлүү маселелерди карайсыздар.
Судья жогорку деңгээлдеги моралдык-этикалык талаптарды, иште да, кызматтан тышкары жерде да сакташы зарыл.
Судьянын жүрүм-турумунун этикалык стандарттарында каралган чектөөлөрдү судья өзүнө ыктыярдуу түрдө кабыл алышы керек.
2018-жыл ичинде эле жүрүм-туруму кынтыксыз болбогон бир нече судьяларды кызмат орундарынан бошотуу жөнүндө чечимдер кабыл алынган.
Судьялар мындан тиешелүү тыянак чыгарат деп ишенем. Сот системасына көлөкө түшүргөн судьялардан арылуу процесси уланат.
Бардык судьялар өздөрүнүн жогорку статусун баалап, аларга мамлекет тарабынан зор ыйгарым укуктар менен бирге чоң жоопкерчилик жүктөлгөндүгүн терең аңдап, түшүнүүсү керек.
Судья деген аттын өзү адилеттүүлүк, адеп-ахлактык, ынсап, маданият деген түшүнүктөр менен бирдей турууга тийиш.
Мына ушул түшүнүктөн тайган адамга сот системасында орун жок!
Эң башкысы Мыйзамдан, Кудайдан коркуш керек! Ыйман болушу керек.
Ушуга байланыштуу ушул залда отургандардын бардыгына Хадистерден бир мисалды айта кетейин.
Пайгамбарыбыз «Сот үч түрлүү болот. Экөө тозокто, бирөө бейиште» деп айткан.
Акыйкатты билип, чындык менен өкүм чыгарса анын орду бейиште.
Ал эми маселени билбестен өкүм кылгандар, же акыйкатты билип туруп, бирок туура эмес өкүм чыгаргандар тозокто болот«.
Урматтуу курултайдын катышуучулары!
Мындан сырткары курултайда Судьялар кеңешинин жаңы курамы шайланат.
Тилекке каршы, буга чейин иштеп келген курам натыйжалуу иштерди жасай албады.
Бардык багыт боюнча ишти активдештирүү үчүн бул тажрыйбадан жаңы курам сабак алат деп ишенем.
Кийинки кеӊеш сот адилеттигинин сапатын арттыруу үчүн адилетсиз чечимдерди кабыл алууну болтурбоого жетишет деп ишенем.
Ошондой эле сот адилеттигин жүргүзүү процессине кийлигишүүгө жол бербей жана сотко кысым көрсөтүү фактыларына бөгөт коюу зарыл.
Мында Судьялар кеңеши судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча өзүнүн конституциялык ыйгарым укугун тиешелүү түрдө аткарууга тийиш.
Урматтуу судьялар!
Сот адилеттигин камсыздоо — өлкөнүн өнүгүүсүнө түздөн түз олуттуу түрдө таасир этет.
Жагымдуу инвестициялык климатка, экономиканын өсүшүнө жана ар бир кыргызстандыктын бакубат турмушуна өбөлгө болот.
Соттук-укуктук чөйрөнү, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин, алардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган реформалардын ийгилигине судьялардын өздөрү кызыкдар болгондо гана жетебиз.
Ошондуктан соттук-укуктук реформабыз кагаз жүзүндө калып калбай, жарандарыбыз „Сот системасы адилет иштеп жатат, соттор ишти адилет кароодо“ деген өзгөрүүнү өз турмушунда реалдуу сезиши керек, билиши керек.
Урматтуу курултайдын катышуучулары!
Албетте, сот тутумунда өз ишине берилген, ар бир жарандын тагдырына кайдыгер карабаган, чынчыл, адилет чечим чыгарган ак ниет соттор көп, алар көпчүлүктү түзөт.
Биз алардын мындан да көп болушун каалайбыз.
Элге ак ниет кызмат кылган судьяларга, сот кызматкерлерине жана сот системасынын ардагерлерине ыраазылык билдирем.
Адилет сот системасын орнотууга бардык мүмкүнчүлүктү, аракетибизди жумшайбыз.
Жакында эле болуп өткөн „Кыргыз Республикасынын сот системасынын кызматкерлеринин күнү“ майрамы менен баарыӊарды куттуктайм.
Сиздерге бекем ден-соолук, абийирдүүлүк, жооптуу ишиңерге ийгилик каалайм.
Жараткан Кыргызстаныбызды колдоп, элибизде ар дайым ынтымак, жергебизде дайыма тынчтык болсун!»