Бириккен улуттар уюмунун жетекчиси Антонио Гуттериштин расмий өкүлү Стефан Дюжаррик, Армения менен Азербайжандын ортосундагы тирештин БУУда кыжаалатчылыкка себеп болуп жатканын айтты.
Дюжаррик, «эки өлкө ортосундагы чоң кагылышуу апаатка алып барышы мүмкүн», -деди жана эки өлкөнү сабырдуулукка чакырды.
12-июлда, Армения Азербайжанга караштуу Товуз районундагы аскердик көзөмөл жайына оор артилерия менен кол салган. Азербайжан тарап жооп катары армяндардын аскер техникаларын жок кылган. Натыйжада эки тараптан тең аскер кызматкерлери өлгөн.