«Манас» эл аралык аэропорту ишканасы, түркиялык «ГАТА Хава Йоллары» (GATA HAVAYOLLARI VE TASIMACILIK A.S) менен келишим түздү. Келишим, Кыргызстанда коронавирустун жайылуусунун айынан начарлаган санитардык-эпидемиологиялык абалды жакшыртууга көмөк көрсөтүүгө багытталган.
«Манас» эл аралык аэропортунун пресс-кызматы билдиргендей, түрк фирмасынын жардамы катары алгачкы медициналык жүк Кыргызстанга жеткирилди:
— Абаны айлантуучу аппарат (Рециркулятор воздуха) (AeroRAD UVC FAN-15) – 10 даана;
— Пульсоксиметр – 10 даана;
— Кислород концентратору (Respirox SZ-5AW Oxygen Concentrator) – 10 даана.
Медициналык жабдыктардын экинчи бөлүгүнүн жакын арада келүүсү күтүлүүдө.
Түрк фирмасы берген медициналык жабдыктар «Манас» аэропортунун аймагында ачылчу стационарда колдонулмакчы. Стационарда «Манас» ишканасынын кызматкерлерине жана башка жарандарга медициналык кызмат көрсөтүлмөкчү.
«Манас» эл аралык аэропорту ишканасы, оор учурда жардам берген «Гата Хава Йоллары» фирмасына жана анын жетекчиси Вугар Аббасовго ыраазычылын билдирди.