Пятница, 17 мая

Өкмөттүн өкүлүнө Prado машинесин ким алып берген?

0

Өкмөттүн Ыссык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев жана анын орун басары Дамир Монолдоровдун темир тулпарлары социалдык түйүндөрдө катуу талкууланууда. Элди ылаң аралап, саламаттыкты сактоо тармагы кыйналып, дем алдыруучу аппараттар жетишсиз болуп жаткан ушул учурда мамлекеттик кызматкерлердин миллиондогон сомго тете Toyota Land Cruiser Prado унааларын минип жүрүүсүнө нааразы болгондор көбөйүүдө.

Бирок, Өкмөттүн Ыссык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгү, жетекчинин машинесинин, 2018-жылы ишке ашырылган проекттин алкагында сатылып алынганын, бюджеттен акча сарпталбаганын айтты. Ал эми Акылбек Осмоновдун орун басары Дамир Монолдоров минген машиненин айыл-чарба жана туризмди өнүктүрүүгө багытталган ЮНИДО проектисине караштуу экени жана Монолдоров тарабынан убактылуу колдонулуп жатканы баса белгиленди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз