Воскресенье, 19 мая

Ыктыярчы: «активисттер Президенттин аппаратын сындады»

0

Президент Сооронбай Жээнбеков, коронавирус ылаңы учурунда элге кол кабыш кылып, мамлекеттик органдардын жүгүн жеңилдетип жаткан ыктыярчыларды кабыл алды. Ыктыярчы Аскар Алмаз уулу, жарандык активисттер Сооронбай Жээнбековдун аппаратынын жумушун сындаганын, Президенттин көп нерседен маалыматы жок экени байкалганын, айтылган нерселерге Жээнбековдун таң калганын 24.kg агенттигине маалымдады.

Аскар Алмаз уулунун айтымында, жолугушуу жакшы маанайда өттү жана өлкө жетекчиси мындан ары да ушундай жолугушууларды баймабай өткөрүп туруу пикирин билдирди.

Мурдараак бул жолугушууга кээ бир ыктыярчылар кошулуудан баш тартышкан. «Сообща» ыктыярчылар тобунун жетекчиси Айдана Оторбаева, саясат жана саясатчылар менен кандайдыр бир байланышта болууну каалабагандыктарын айтып жыйынга барган эмес.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз