Понедельник, 20 мая

АКШ Рамзан Кадыровго карата санкция киргизди. Себеби…

0

АКШ, Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров жана анын үй-бүлөсүнө каршы визалык чектөө киргизүүдө. Вашингтон, Кадыровдорду адам укуктарынын бузулушунда тиешеси бар деп эсептейт. Бул жөнүндө дүйшөмбү күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Майкл Помпео билдирген.

Расмий билдирүүдө: «Бүгүн Мамлекеттик департамент Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыровго карата визалык чектөөлөрдү кабыл алат» — деп айтылат. АКШнын мыйзамындарына ылайык мамлекет коррупцияга аралашкан жана адам укуктарына залал келтирген чет өлкөлүк жарандардын АКШнын аймагына кирүүсүнө тыюу сала алат.

Американын тышкы саясат мекемеси баса белгилегендей, санкция Кадыровдун Чеченстанда адам укугунун одоно бузулуусуна тиешеси бар экендиги үчүн киргизилген. Чечен башчысынан тышкары бул чечим анын аялы Медина Кадыровага жана анын кыздары Айшат, Хадижат Кадыроваларга да тиешелүү. “Бул айыптоо менен макул болгон башка өлкөлөрдү да мындай чараларды кабыл алууга чакырабыз” – деп жарыялады Майкл Помпео.

“Биз Кадыровго жана анын жактоочуларына каршы экономикалык чектөөлөрдү да киргиздик” – деп жазылган документте. Себеби Американын каржы министрлиги 2017-жылы Магнит тизмесин жарыялап, алардын арасында Чечен Республикасынын башчысы да кошулган 49 Орусия жараны болгон. АКШнын администрациясынын айтуусу боюнча Кадыров адамдарды сотсуз-сураксыз жоопко тартууга, кыйноого жана башка эл аралык укукту бузууга тиешеси бар.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз