Воскресенье, 19 мая

Covid 19. Кыргызстан биринчи орунда (Статистика)

0

The New York Times гезити, 22-январдан 21-июлга чейинки Covid 19 вирусун жуктургандардын жана бул вирустун айынан өлгөндөрдүн саны боюнча статистикалык маалыматтарды жарыялады. Ал маалыматтарга ылайык, коронавирусту жуктургандардын жана коронавирустун айынан көз жумгандардын саны боюнча Кыргызстан дүйнө жүзүндө биринчи орунду ээледи.

Өлкөдө бул дарт менен оругандардын саны 16807ге жеткен. Башкача айтканда ар бир 100 миң кишинин 266сы бул вирусту жуктуруп алган.

Кыргызстанда Covid 19 ылаңын жуктурган 930 киши бул дүйнө менен кош айтышкан. Бул ар бир 100 миң кишиден 15 киши өлгөн дегенди түшүндүрөт.

Жуктургандардын саны боюнча Кыргызстандан кийинки орунду ээлеген өлкөлөр катары менен Умман (10319), Бахрейн (3238), Черногория (194) жана Панама (7 57) болгон. Ал эми каза болгондордун көрсөткүчү боюнча Кырнызстандан кийин Чили (1608), Панама (199), Перу (1350) жана Бразилия (7354) жайгашкан.

Бул статистикалык эсептөө ар бир өлкөнүн элинин саны жана ал элдин ичинен 100 миң кишиде аныкталган учурлар боюнча жүргүзүлгөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз